АНОНСЫ

Алтынчы 2018 - Билим фестивалына катышууга чакырабыз!


КЫМБАТТУУ ДОСТОР, УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

Силерди 2018 – Билим фестивалына катышууга чакырабыз!



«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясы жана К.Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын колдоосу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына алтынчы Билим фестивалын өткөрүү жөнүндө маалымдайт.

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ ДЕГЕН ЭМНЕ

Билим фестивалы – бул балдар, жаштар, ата-энелер жана шаардыктар үчүн ар жылдагы Фестиваль, ал 2013-жылдан тартып Бишкек шаарында өткөрүлүп келатат (festival.roza.kg).

2014-жылдантартып ал тематикалык болуп калууда, демейде ал биринчи күнү – өлкөнүн ЖОЖдорунун биринин базасында (2014-жылы – Раззаков атындагы КМТУ, 2015-жылы - Скрябин атындагы КУАУ, 2016-жылы - Ахунбаев атындагы КММА, 2017-жылы - КГАФКиС), экинчи күнү Бишкек шаарынын ортосунда уюштурулат.

Бул долбоор өзүнө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн Ярмаркасынын, чоң билим берүү майрамынын жана мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана мектеп, кесиптик-техникалык жана ЖОЖдогу билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик форумдун форматын айкалыштырат.

2016-жылы Билим фестивалы"EventAwardsCentralAsia" сыйлыгынын(Алматы шаары) алкагында «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» катары 1-орунду жана КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн 84 лауреаттын ичинен "GlobalEventAwards" сыйлыгынын (Москва шаары) «Балдардын мыкты майрамы» категориясында 3-орунду ээлеп, эл аралык кадыр-баркка ээ болду.

2018 – БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ

2018-жылдагы Билим фестивалынын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» деп аталат.

Билим фестивалынын бул темасы бекеринен тандап алынган жок. Кыргызстан – бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө болуп саналат, анда көп сандаган ар кыл маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, бизде кыйла сандагы чет өлкөлүк студенттер жана башка өлкөлөрдөн келген жарандар жашап жатат, ал эмибиздин жарандарыбыз башка өлкөлөрдө жашап жана окуп жүрөт. Ошондуктан кыргызстандыктар үчүн маданияттар аралык диалогду андан ары өнүктүрүү жана өз ара түшүнүшү максатында башка элдердин маданиятын, үрп-адаттарын жана салттарын билүү жана урматтоо маанилүү.

2018 - Билим фестивалы балдарды жана жаштарды Кыргызстандын бардык региондорунда жашап жаткан ар кыл этностук топтор менен тааныштырууга, аларда ар кандай элдердин этностук ар түрдүүлүгүнө жана маданий өз алдынчалыгын өз ара урматтоого тарбиялоого багытталган.

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ КАЧАН ЖАНА КАЙДА ӨТӨТ?

20-апрель (жума), 1-күн.

Фестиваль Тынчтык проспекти 27/Гагарин көчөсү дареги боюнча К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин аймагында жана имаратында саат 09:00дөн 17:00гө чейин өтөт.

19-май (ишемби), 2-күн.

Орду жана убактысы: Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасындагы аймакта саат 11:00дөн 19:00гө чейин. 

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНЫН МАЗМУНУ:

20-апрель (1-күн, жума)

«Бардыгы үчүн билим» классы/аянтчасы:

1. БГУгаэкскурсиялар жана Бишкек шаарынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн профессордук-окутуучу курам менен жолугушуулар

2. Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун арасында дебаттык клубдардын турнири

3. Бишкек шаарынын мектеп парламенттеринин лидерлери үчүн «Эларалыктажрыйба аркылуулидерлик» интерактивдүү лекция-презентация

4. Бишкек шаарынын мектептеринин англис тил мугалимдери үчүн англис тилин үйрөтүүнүн заманбап методикалары боюнча лекция-презентация

5. Бишкек шаарынын мектептеринин кыргыз тил мугалимдери үчүн кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап методикалары боюнча лекция-презентация

6. БГУнун англис тилин үйрөнүп жаткан студенттери үчүн "HeroesTeach" тренинг

7. Социалдык видеороликтердин конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

8. Мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү көргөзмө

9. Улуттук жана спорттук оюндар

10. Концерттик программа

19-май (2-күн, ишемби)

1. «Дүйнө маданияттарын үйрөнөбүз» аянтчасы

2. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору

3. «Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары» аянтчасы (ырастоого муктаж)

4. «Гүл ярмаркасы» аянтчасы

5. «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы» аянтчасы (Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарынын көргөзмөсү – ЖОЖдор, колледждер, лицейлер, кошумча билим берүү борборлору жана башкалар)

6. «Дүйнө тилдерин үйрөнөбүз» аянтчасы (Бишкек шаарынын тил борборлорунун көргөзмө жана мастер-класстар)

7. «Дүйнө тамак-аштарын жасаганды үйрөнөбүз» аянтчасы (Бишкек шаарынын ресторандарынан жана кафелериненкөргөзмө жана мастер-класстар)

8. «Бий» аянтчасы (Жан Воиновдун"MovementDance Studio" студиясынан мастер-класстар, мелдештер жана көрсөтмөлүү оюн-зооктор)

9. «Билимбектин жомок лабораториясы» аянтчасы (балдар үчүн ар түрдүү мастер-класстар)

10. «Көп маданияттуу OpenAir» аянтчасы

11. «Концерттик» аянтча

12. «Спорттук» аянтча (спорттук оюндар, мелдештер, өнөрлөрүн көрсөтүү)


Фестивалда кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри менен таанышуу менен катар, бардык катышуучулар Фестивалдын катышуучуларынын буклетин акысыз ала алат. 


Эгерде Сиздин уюмуңуз алтынчы Билим фестивалына катышууга ынтызар болсо, биз төмөнкүдөй байланыштар боюнча кошумча маалымат берүүгө куштарбыз:

1. Айзада Ургуналиева: 66-03-68, 0550 328899, bilimfestkg@gmail.com

2. Камилла Кенжетаева: 62-67-61, 0556 353353, natcomunesco.kg@gmail.com –«Дүйнө маданияттарын үйрөнөбүз» жана «Гүл ярмаркасы» аянтчаларынын координатору

2. Нурзат Жээнбаева: 66-03-68, 0555 788825, nzheembaeva@gmail.com –«Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы» жана «Дүйнө тилдерин үйрөнөбүз» аянтчаларынын координатору


Силерди VI Билим фестивалында күтөбүз! 

Е-mail: bilimfestkg@gmail.com

Тел/факс: +996 312 660368

Инстаграм: Bilimfestkg

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

Фэйсбук: Фестиваль образования Бишкек



  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!