АНОНСЫ

III Республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы тасмаларды кабыл алуусун жарыялайт



III Республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы тасмаларды кабыл алуусун жарыялайт

 

 


Кинофестивалга кинематографияга кызыккан 7 жаштан – 17 жашка чейинки мектеп окуучулардын бардыгы катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго,10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек. Кинофестивалга катышууга сунушталып жаткан даяр тасма төмөндөгү форматтардын биринде болуусу зарыл (mov, mp4, m4v, mpeg). Ар түркүн жанрдагы тасманы тартууга уруксат берилет: комедия, мелодрама, драма, триллер, боевик, фантастика, анимация, документалдык ж.б. 

3-чү кинофестивалдын темалары “Бул менин дүйнөм!” же "Мен жана табият". 

Сынакта 10 номинация бар. Алар: мыкты көркөм тасма, мыкты анимациялык тасма, мыкты документалдык тасма, мыкты режиссер, мыкты оператор, мыкты сценарист, мыкты монтажер, мыкты жеткинчек актер, мыкты жеткинчек актриса жана калыстардын атайын сыйлыгы. 

Жеңүүчүлөр статуэткалар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат. Мыкты тасмалар Кыргызстандын атынан эл аралык балдар кинофестивалдарына жөнөтүүгө мумкунчулук алышат жана кийинки кыскаметраждуу тасмасын тартуу үчүн техникалык жабдыктар менен камсыздалат. 

 

Катышуучулардын тасмалары 2018-жылдын 15-октябрына чейин e-mail: karekfest@gmail.com дарегине кабыл алынат. 

Сыйлык тапшыруу аземи 2018-жылдын 15-ноябрында өткөрүлөт. 

Сурап билуу тел.: 0557 000718


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!