АНОНСЫ

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» социалдык видеороликтеринин конкурсун өткөрүү жөнүндө жобо

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуменен бирдикте, «OKOY» чыгармачыл бирикмесинин жана «МедиаЛаб» продакшн-студиясынын техникалык колдоосу менен социалдык видеороликтердин конкурсун жарыялайт. 

Конкурс 2018-жылы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына арналган алтынчы Билим фестивалынын алкагында 2018-жылдын 20-апрелинде жана 19-майында өткөрүлөт (Улуттук филармониянын айланасындагы аянтча), аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы жана К.Карасаеватындагы Бишкек Гуманитардык Университети (БГУ) уюштуруп жатат. 

Кыргызстан – бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө, анда көптөгөн маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык этностор жашайт. Ушул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, биздин өлкөдө башка өлкөлөрдөн келген көп сандаган чет өлкөлүк студенттер жана жарандар окуп жана иштеп жатат, ал эми биздин жарандарыбыз башка өлкөлөрдө жашап жана окуп жатат. Андыктан, биз – кыргызстандыктар башка элдердин маданиятын, үрп-адаттарын, салттарын билүүгө, түшүнүүгө жана урматтоого тийишпиз, анткени биздин күчүбүз биримдикте. Муну ачып берүү үчүн биз каалагандардын бардыгын алтынчы Билим фестивалынын (2018-жыл) алкагында өтүүчү «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына арналган социалдык видеороликтердин конкурсуна катышууга чакырабыз. 

Биз конкурстун алкагында алынган иштер маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүгө салым кошот деп ишенебиз жана «биз курчап турган дүйнөгө назар салуу менен карап калабыз, өзүбүздүн классташтарыбызга, бир топто окугандарга, досторубузга, коңшуларыбызга алда канча комкордук көрүп жана урматтап калабыз, достукту бекемдейбиз жана биздин Ата-Мекенибиздеги эң баалуу нерсе – тынчтык жана достук – көөнөрбөс байлык, өнүгүү үчүн негиз болуп кала бергидей жашайбыз» (Отунбаева Р.И., КРЭкс-президенти, «Менин досторума мейманга» китебиндеги кириш сөздөн). 

Конкурс 2018-жылдын 19-мартынан тартып 10-мая чейин өткөрүлөт, иштер 2018-жылдын 10-мая чейин кабыл алынат. 15 жаштан 35 жашка чейинки курактагы бардык каалагандарКонкурстун катышуучусу боло алат. Конкурсту өткөрүүнүн жана ага катышуунун шарттары менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» социалдык видеороликтеринин конкурсун өткөрүү жөнүндө жободон» алда канча кең-кесири таанышууга болот.






Скачать заявку для заполнения можно здесь >>>

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!