АНОНСЫ

Силерди бешинчи 2017 - Билим фестивалына катышууга чакырабыз!



КЫМБАТТУУ ДОСТОР, УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

 

Силерди бешинчи 2017 –Билим фестивалына

катышууга чакырабыз!

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТжСА) менен бирдикте, эл аралык, мамлекеттик жана коомдук уюдардын колдоосу менен «Сергек жашоо ыңгайы» темасына бешинчи Билим фестивалын өткөрүү жөнүндө маалымдайт, ал 2017-жылдын 28-29-апрелинде өтөт.

 

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ ДЕГЕН ЭМНЕ? 

Билим фестивалы – бул балдар, жаштар, ата-энелер жана шаардыктар үчүн ар жылдагы Фестиваль, ал 2013-жылдан тартып Бишкек шаарында өтөт. 2014-жылдан тартып ал тематикалык окуя болуп калды, ал демейде биинчи күнү – өлкөнүн ЖОЖдорунун биринин (2014-жылы – Раззаков атындагы КМТУ, 2015-жылы – Скрябин атындагы КУАУ, 2016-жылы - Ахунбаев атындагы КММА) базасында, экинчи күнү Бишкек шаарынын ортосунда уюштурулат. Бул долбоор өзүнө Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасынын форматын, чоң билим майрамын жана мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана мектептеги, кесиптик-техникалык жана ЖОЖдук билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик форумду айкалыштырат. 

2016-жылы Билим фестивалы "Event Awards Central Asia" (Алматы ш.) сыйлыгынын алкагында "Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы" катары 1-орунду жана КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн (Москва шаары) 84 лауреатынын ичинен "Global Event Awards" глобалдык сыйлыгынын "Мыкты балдар майрамы" категориясында 3-орунду ээлеп, эл аралык таанууга ээ болду. 

2017-жылдагы Билим фестивалы сергек жашоо ыңгайын андан ары илгерилетүүгө, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоого, жарандарыбыздын маданиятынын жана өсүп келаткан муунду экологиялык тарбиялоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган. 

Эки күндүк Фестивалдын алкагында белгилүү спортсмендер жана чеберлер менен жолугушуулар, лекциялар, мастер-класстар, концерттер, спектаклдер, мектеп окуучулар үчүн Кесипке багыт берүүчү көргөзмө, Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы жана Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагындагы башка иш-чаралар. 

Фестивалда кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри менен таанышуу менен бирге, катышуучулар Фестивалдын катышуучуларынын каталогун акысыз ала алат. Бул жылы биз «Сергек жашоо ыңгайына» арналган аянтчаны түзүү менен Ярмарканын катышуучуларынын курамын кыйла кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз, ага Бишкек шаарында болгон бардык спорттук мекемелер жана федерациялар, спорттук клубдар жана ассоциациялар чакырылат.

 

V БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫН ӨТКӨРҮҮ ОРДУ: 

28-апрель (жума), 1-күн.

Фестиваль саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) аймагында өтөт. 

1. Манеж

2. Стадион

3. КМДТжСАнын башкы корпусу

Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү, 97 дареги боюнча 

29-апрель (ишемби), Фестивалдын 2-күнү Бишкек шаарынын Күнү менен бирге өтөт. 

Орду жана убактысы: саат 10:00дөн 19:00гө чейин, демейде Бишкек шаарынын ортосунда ("Курманжан Датка" эстелигинин айланасындагы аймак, Пушкин көчөсү жана Эмен сейил багы, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры, «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору, Эмен сейил багынын Галереясы).

 

V БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫНЫН КУРАМЫ: 

28-апрель (1-күн, жума) 

Бардыгы үчүн билим:

• Мектеп окуучулары үчүн КМДТжСА боюнча экскурсиялар

• «Жашыл маектешүү III» коомдук дискуссиялык аянтчасы

• Мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү көргөзмө

• Дене тарбия мугалимдери үчүн семинар

• КРнын алдыңкы спортсмендеринен презентациялык сөздөр

• Мастер-класстар, демонстрациялар жана башка көптөгөн нерселер. 

29-апрель (2-күн, ишемби) 

Билимбектин лабораториясы - мастер-класстар (сүрөт тартуу, жабыштырып жасоо, квиллинг, граттаж, оригами, пескография, моделдөө жана башка көптөгөн нерселер). 

Ден соолук бурчу – бойду, салмакты, басымды өлчөө, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, таза тамак-аш боюнча мастер-класстар жана башка көптөгөн нерселер.

Спорттук класс – көрсөтмөлүү спорттук оюндар, мелдештер жана конкурстар, алдын алуучу спорттук көнүгүүлөр, белгилүү спортсмендер менен жолугушуулар, Бишкек шаарындагы спорттук мекемелердин жана уюмдардын көргөзмөлөрү, спорттук товарлардын көргөзмөсү жана башка көптөгөн нерселер.

Бий классы – алдыңкы бий жамааттарынан жана топторунан мастер-класстар жана көрсөтмөлүү оюндар .

Китеп текчеси – көргөзмө-китеп сатуу, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы, КРнын балдар жазуучулары менен жолугушуулар. 

Концерттик-театрдык класс – балдар жамааттарынын, артисттердин жана кыргыз эстрада жылдыздарынын оюн-зооктору, фокустар, химиялык шоу жана балдар спектаклдери. 

Көргөзмө-ярмарка -

Бул класс төмөнкүдөй 3 секторго бөлүнөт:

1) Билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ярмаркасы (акы төлөтүп жана акысыз кызмат көрсөтүүлөр) – Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин көргөзмөсү

2) Гүл ярмаркасы – күлдөрдүн ярмаркасы жана гүл өстүрүүчүлөрдөн, гүл дүкөндөрүнөн мастер-класстар

3) Эко-базар – эко-буюмдарды жана накта тамак-аш азыктарын сатуу-көргөзмөсү

 

Силерди V Билим Фестивалында күтөбүз!

 

Е-mail: bilimfestkg@gmail.com

Тел/факс: +996 312 660368

Инстаграм: Bilimfestkg

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg

Фэйсбук: Бишкек Билим фестивалы


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!