АНОНСЫ

VII Билим фестивалынын биринчи күнүнүн программасы

13-апрелде Борбордук Азиядагы Америка Университетинде (БААУАУЦА) VII Билим Фестивалынын «Кыргызстан санарип мууну: Билим берүүдөгү жана IT билим берүүдө МКТ» аттуу темадагы биринчи күнү өтөт. VII Билим Фестивалы катышуучуларга жана меймандарга университет менен жакындан таанышууга, билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жана билим берүү системасындагы ITни колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого, ошондой эле жогорку класстардын окуучуларына МКТ жана IT тармагындагы болочок эрте кесиптик багыт берүүгө арналган мастер-класстардын сериясын көрүүгө өбөлгө түзөт. Бишкек шаарынын окуу жайларынын окутуучулары информатика жана англис тили сыяктуу предметтерден окутуунун инновациялык усулдары боюнча жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат. Окуучулар менен студенттерге IT боюнча адистерди даярдап жаткан ЖОЖдордун жана лицейлердин кесиптик багыт берүү көргөзмөлөрү көрсөтүлүп, Билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жарманкеси жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин факультеттеринин көргөзмөлөрү уюштурулат. 

2019-жылы Фестиваль азыркы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүндөгү МКТ жана IT технологияларын даңазалоо максатында технология, инновация жана коммуникация сыяктуу тармактарды бириктире турган платформаны түзөт.




VII Билим фестивалынын биринчи күнүнүн программасы



  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!