ЭТО ИНТЕРЕСНО

Мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугун чыңдоо: 6 эреже

Бардык энелер, аталар, чоң энелер жана чоң аталар мектепке чейинки куракта балдардын ден соолугун чыңдоо алардын организмин бекемдеп жана иммунитетин жогорулата тургандыгын абдан жакшы билет. Иммунитетти бекемдөө үчүн балдардын саламаттыгын чыңдоо алардын келечектеги ден соолугун аныктайт. Бирок мында бөлмө таза жыйналган, тез-тез желдетилген, ал эми эмеректер экологиялык жактан таза материалдардан жасалган шартта да бул жөнүндө көбүнесе бир созондо үч-төрт жолу суук тийгенден кийин ойлонушат. 

Адегенде балдар бакчасында ден соолукту чыңдоочу атайын топтор бар экенин милдеттүү түрдө билүү керек. Мындай учурда мектепке чейинки мекемеге толугу менен ишенүүгө болот, андай болбогон учурда өз балдарыңдын чың ден соолугуна жетишүү үчүн өз күч-аракеттериңди жумшоо керек. Дегеле балдар бакчасындагы сергек жашоо ыңгайы (СЖЫ) –өтө маанилүү учур. Педагогдору балдарга сергек жашоо ыңгайын кантип каныктыруу керектигин билген мекемени тандоо керек. 

Мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугун чыңдоо 

Деги эле ден соолукту чыңдоо деген эмне жана аны кантип баштоо керек? Ден соолукту чыңдоо – ар кыл жагымсыз факторлорго организмдин иммунитетинин туруктуулугун жогорулатуу. Дароо белгилеп кетүү керек: ден соолукту чыңдоо системасында сааттар боюнча айкын жазылган программалар жок. Бул деген диета эмес да. 

Ден соолукту чыңдоо – бул бир караганда суу куюнуу-сүртүнүү эмес. Бул, эң ириде, күндүн режимине, тамактанууга, кыймылдын активдүүлүгүнө, уйкуга жана кала берсе кийимге жаңыча көз караш! Башкача айтканда, ден соолукту чыңдоо – бул комплекс. Балдардын ден соолугун чыңдоого киришүү үчүн бүткүл процессти өзүндө сынаган ата-энелер абдан туура жана сабаттуу иш кылат, алар эмне чындыгында эле керек жана пайдалуу экенине жеке өзү ынанат. 

Эске тутуп алгыла, ден соолукту чыңдоо жагымсыз денебой факторлорунан келип чыккан дарттарды гана четтетүүгө же жеңилдетүүгө жардам берет, бирок ар кандай вирустук инфекцияларды эч кандай коргой албайт. 

Балдардын ден соолугун чыңдоого аракет кылуунун, денебой жана эмоциялык ден соолугун чыңдоонун эң сонун ыкмасын сунуш кылам. Демейдегиден бир саат мурда тургула. Бала менен бирге 7 мүнөт шашпай чуркагыла, анан токтоп, разминка кылгыла. Башкысы эч кайда шашуунун кереги жок, рекордго акырындап жетебиз. 

Кайрадан бир аз чуркоо, сүйүктүү машыгуулар. Андан соң үйгө келип душка киребиз же чөмүч менен жылуу суудан куюнабыз. Тишти тазалайбыз да, жумушка жана балдар бакчаларына тарайбыз. Бара-бара ар бир чуркаган сайын машыгууну татаалдантабыз, алда канча узак аралыкты тандайбыз, кийген кийимибиздин санын азайтабыз. Мында эң башкысы – өзүбүздүн жалкоолугубуздан арылуу, анткени болгону 30-40 мүнөттүн ичинде бала суу жана аба менен айкалышта дароо денебойго жүк келтирет! 

Балдардын ден соолугун чыңдоо эрежелери 

Комплекстеги процедуралар балдарга жагууга жана айрым канааттанууну алып келүүгө тийиш. Балага эмне жагаарына, ал эмнеге умтулаарына көңүл бургула. 

Баланын тамак-ашынын рационун көргүлө, аны мүмкүн болгон максималдуу витаминдер менен байыткыла. 

Силердин сүйүктүү балаңар кандай жашоо ыңгайын өткөрүп жатканы жөнүндө ойлонгула – таза абага көп чыгабы, силер аны аба ырайына жараша кийинтесиңерби? 

Эгерде ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды баштасаңар, анда аларды системалуу, дайыма, бара-бара жана кылдат жүргүзгүлө. Мектепке чейинки курактагы баланын ден соолугун чыңдоо акылга сыярлык болууга тийиш. 

Ден соолукту чыңдоо программасы өзүнө суудагы, күндөгү жана абадагы процедураларды камтууга тийиш. 

Эгерде бала ооруксунуп турса, ар кандай түрдөгү жүктү азайтуу керек. 

Балдарда компьютерди, телевизорду, бекерпоздукту чектегиле, жаратылыштын таза абасында сейилдөөнү чектебегиле, анын курамына организм үчүн зарыл болгон кислород кирет. 

Эгерде силердин балаңар мектепке чейинки курагынан жана жөндөмдөрүнөн улам дене тарбиясы менен машыкса, абада көп болсо, толук тамактанса, силер чоң эне менен бирдикте ага кийгизген кийимден ысыбаса, эгерде баланын бөлмөсү салкын жана таза болсо, чаң чогулткан оюнчуктар ыргытылган болсо, муздак суу куюнуунун, карда чуркоонун кереги жок. 

Бул алда канча маанилүү жана натыйжалуу! Ата-энелер дал ушундай түрдөгү абалга жетишүү зарылчылыгын ашкере камкордук жана жакшы көрүү, тилекке каршы, бардыгын татаалданткан мезгил өткөндөн кийин түшүнөт.


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!