ЭТО ИНТЕРЕСНО

ЗОЖ балдар бакчасында. Ден соолуктун эң жөнөкөй 10 шарты

Мектепке чейинки куракта наристенин ден соолугун сактоо жана иммунитетин чыңдоо процесси дени сак инсанды калыптандыруунун чечүүчү этабы болуп саналат. Дал ушул мезгилде органдардын күчөтүлгөн калыптануусу жүрөт, кичинекей кишинин андан аркы жашоосу, иш жүзүндө, ушуга байланыштуу. Ошондуктан балдар бакчасында ЗОЖду киргизүү наристени өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. 

Жакындагы изилдөөлөрдүн натыйжасы балдардын денебой жана психикалык ден соолугу начарлашынын тенденциясын так көрсөттү. Балдар бакчасынан кийин балдар мектепке кала берсе болор-болбос жүккө даяр эмес болуп келишет. Силер өзүңөр деле дене тарбия сабактарында кескин эс-учун жоготуп койгон же кала берсе дүйнө менен кош айтышкан кыйла көп кездешкен учурлар жөнүндө маалыматтарды ЖМКдан көп жолуктуруп жүрөсүңөр. 

Мындан тышкары, илимпоздор баланын организми максималдуу эң жакшы шарттарда өөрчүүгө тийиш деп белгилешет. Ошондуктан алар балдар үчүн жалаң гана сапаттуу продукцияны: жеке гигиена каражаттарын, тамак-ашты, оюнчуктарды, идиштерди, витаминдерди, дары-дармек каражаттарын сатып алууну көшөрө сунушташат. 

Балдар бакчасындагы сергек жашоо ыңгайы 

Мектепке чейинки курак – адамдын өмүрүндөгү эң кыска курактардын бири. 7 жашка чейин адам өзүнүн өнүгүшүнүн чоң этабынан өтөт, ал анын бүткүл жашоосунда эч качан кайталанбайт. 

Сергек жашоо ыңгайын, пайдалуу адаттарды сүйүүнү калыптандыруу, ден соолукту сактоо жана чыңдоо – булар наристе өзүнүн максималдуу көп убактысын өткөргөн мекеменин – балдар бакчасынын негизги милдети. 

Балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын ден соолугун чыңдоо педагогдордун, тарбиячылардын, психологдордун күчү менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Бул чоң чынжырча, ага сөзсүз түрдө ата-энелер кошулууга жана педагогдор менен бирге иштөөгө тийиш. 

Балдардын сергек жашоо ыңгайына, биринчи кезекте, ата-энелер аракет кылууга тийиш. 

Ден соолуктун 10 шарты 

1. Таза абада болуу. 

2. Балдар бакчасында эч кандай мажбурлабастан ар түрдүү тамак-аш (жашылчалар, жемиштер, ботко, сүт азыктары). 

3. Балдардын ден соолугун чыңдоо. 

4. Кыймыл-аракеттеги жана буюмдарды таанып-билүүдөгү чек коюлбагандык. 

5. Жеке гигиена жөндөмдөрү. Жеке үлгү көрсөтүү баарынан дурус (тишти күнүнө эки жолу тазалоо, колду жууп туруу, даарат алуу, киринүү, ич кийимдерди алмаштыруу). 

6. Булчуңдарга күч келтирүү. Албетте, активдүүлүктүн чуркоо, секирүү сыяктуу жана башка формаларын кайталоонун кажети жок. Ушулардын бардыгы балага башка кишинин жардамысыз эле мүнөздүү. Зарядка, гимнастика, бий, ар кандай эстафеталар, активдүү оюндар – ушулардын бардыгы балдар бакчасында колдонулуучу ЗОЖдун бардык аспекттери. Ошондуктан, эгерде дем алыш күнү ушундай позиция жоготулса, өтө жаман. Эс алуу диванда оонап жатууда же көпкө уктоодо турушу мүмкүн экендигин көрсөтүү жакшы эмес. Дене көнүгүүлөрү өз денеңди башкарууну үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Алар табиттин жакшырышына жана зат алмашуунун калыбына келишине алып келет. 

7. Балдар бакчасында күндүн режимин пландаштыруу жана сактоо. Сарамжалдуу режим бардык органдар ошондой эле режимге ылайык иштешине жардам берет. Күндү табигый муктаждыктарга (уйку, тамактануу) жумшоо жана ар кандай эмгек процесстерине тартууга, жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө тартуу керек. 

8. Бейпилдик. Мында 2 аспектти бөлүп көрсөтүүгө болот. Бейпилдик үй-бүлөдө өкүм сүрүүгө жана балдар бакчасында сакталууга тийиш. Бала өзүн үйдө күтүп жатканын жана жакшы көрөөрүн билүүгө тийиш, ошондо ал ар кандай милдетти аркалай алат. Мектепке чейинки мекемелерге келсек, тынччылык жана бейпилдик үчүн психолог бар, ал татаал кырдаалдарды чечүүгө жардам берет. 

9. Өнүктүрүүчү оюндар, жыйынтыктарды чыгаруу менен жакшы жана жаман жөнүндө кызыктуу аңгемелер. Денебой жактан өнүгүү үчүн оюндардан тышкары, эстеп калуусун өнүктүрүү үчүн оюндарды ойногула. 

10. Жакшы көрүү. 

Айрым балдар бакчалары ата-энелер менен маектешүүлөрдү жүргүзөт жана ден соолукту сактоого багытталган ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды бирге тандайт. Бул чындыгында эле балдар бакчасы-ата-эне чынжырчасындагы байланышты жана карым-катышты көрсөтүп турат. Мектепке чейинки мекеменин өзү туруктуу демилгеге таасир эте албастыгын унутууга болбойт, ага бардыгына ата-эненин уруксаты жана жактырган көз карашы талап кылынат. 

Балдар бакчасында ден соолукту чыңдоо 

• Эртең мененки гимнастика. 

• Сейилдеп басуу жана экскурсиялар (жаратылышта күн жылуу учурда курт-кумурскалардан сактоочу балдар органикалык каражаттарын колдонгула). 

• Ортопедиялык матрацта уктоо. 

• Витаминдүү жана чөп чайлар. 

• Ойлоштурулган тамак-аш, анын ичинде накта витамин кошумчалары. 

• Дидактикалык оюндар, алар ЗОЖдун жана анын курамдарынын негиздерин түшүнүүгө жардам берет. 

Балдар бакчалары сыяктуу мектепке чейинки балдар мекемелеринин негизги максаты балдардын өз ден соолугуна туура жана аяр мамилесин камсыз кылууда, аракеттин тездигин, шамдагайлыкты, күчтү жана ылдамдыкты өнүктүрүүдө, өзүнүн эмоциялык абалын жөнгө салууга, туура чечим кабыл алууга үйрөтүүдө, баланын ден соолук абалынын квалификациялуу диагностикасына кепилдик берүүдө турат. 

Балдар бакчаларында ЗОЖду киргизүү балдарда ден соолук, өзү үчүн жоопкерчилик, ар кандай турмуштук кырдаалдарда туура жүрүш-турушту тандоо сыяктуу адамдык дөөлөттөрдү иштеп чыгууга түрткү болот.


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!