НОВОСТИ

13-апрелде Борбордук Азиядагы Америка Университетинде VII Билим Фестивалынын биринчи күнү өтөт


Бишкекте VII БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ өткөрүлөт: Кыргызстан санарип мууну: Билим берүүдөгү жана IT билим берүүдөгү Маалыматтык-Коммуникациялык Технологиялар (МКТ)



13-апрелде Борбордук Азиядагы Америка Университетинде (БААУ\АУЦА) VII Билим Фестивалынын «Кыргызстан санарип мууну: Билим берүүдөгү жана IT билим берүүдө МКТ» аттуу темадагы биринчи күнү өтөт. VII Билим Фестивалы катышуучуларга жана меймандарга университет менен жакындан таанышууга, билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жана билим берүү системасындагы ITни колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого, ошондой эле жогорку класстардын окуучуларына МКТ жана IT тармагындагы болочок эрте кесиптик багыт берүүгө арналган мастер-класстардын сериясын көрүүгө өбөлгө түзөт. Бишкек шаарынын окуу жайларынын окутуучулары информатика жана англис тили сыяктуу предметтерден окутуунун инновациялык усулдары боюнча жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат. Окуучулар менен студенттерге IT боюнча адистерди даярдап жаткан ЖОЖдордун жана лицейлердин кесиптик багыт берүү көргөзмөлөрү көрсөтүлүп, Билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жарманкеси жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин факультеттеринин көргөзмөлөрү уюштурулат.

2019-жылы Фестиваль азыркы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүндөгү МКТ жана IT технологияларын даңазалоо максатында технология, инновация жана коммуникация сыяктуу тармактарды бириктире турган платформаны түзөт.

VII Билим Фестивалынын биринчи күнүнүн салтанаттуу ачылышы 13-апрелде саат 9:00дө БААУнун (АУЦА) форум залында өтмөкчү. Күнү бою мектеп окуучулары үчүн долбоорлоонун жаңычыл технологияларын эсепке алуу менен курулган заманбап университеттин кампусуна экскурсиялар уюштурулат, ошондой эле “Код сааты” деген аталыштагы программанын алкагында практикалык иш-чаралардын сериясы, «Ойно. Оку. Акча тап» аттуу IT курстарынын пайдалуулугу тууралуу мектеп окуучуларына (8-11-кл) мастер-класстар, кыздар үчүн “RailsGirls» программалоо боюнча интенсив ж.б.д.у.с. Кээ бир мастер-класстарына катышуу үчүн алдын-ала он-лайн каттоодон өтүү талап кылынат. Мындан сырткары университеттин биринчи кабатында күнү бою мектеп окуучулары жана IT, робототехника жана программалоо тармагынын эксперттери менен мотивациялык жолугушуулар болуп турат.

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери «Билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» аттуу тегерек үстөлгө катышышат. Анын алкагында билим берүү процессине МКТны жана IT технологияларын жайылтуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланат, МКТ билим берүүдө колдонуунун эл аралык тажрыйбалары көрсөтүлөт, ошондой эле практикадан алынган ийгиликтүү үлгүлөр презентацияланат.

VII Билим Фестивалынын эки күндүк программасында 200дөн ашык иш-чаралар пландаштырылган: чыгармачылык өнөрканалар, интерактивдүү көргөзмөлөр, мультимедиа инсталляциялары жана 3D купол, роботтордун мелдеши, илимий шоулар, астрономиялык байкоо жүргүзүүлөр, илимий-таанып билүү фильмдери көргөзүлөт, IT жана программалоо тармагындагы эксперттер менен жолугушуулар, концерттер, театралдык көрсөтүүлөр, бий мелдештери, «Жылдыздар балдарга китеп окуп берет» ж.б.д.у.с. тартууланмакчы.

VII Билим Фестивалы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондусу, Бишкек шаарынын мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка Университети тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО, «Сорос-Кыргызстан» Фондусу , KICB банкы жана Фестивалдын көп сандагы өнөктөштөрү тарабынан өткөрүлгөнү жатат.

Фестиваль тууралуу кеңири маалымат:

festival.roza.kg сайтында жана +996 555 788825

 



  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!