НОВОСТИ

2018-алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнүнүн жыйынтыктары

Өткөн ишембиде, 19-майда, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын айланасында шаардын эң жаркын жана күтүлгөн окуялардын бири – «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына 2018 – алтынчы Билим фестивалынын экинчи күнү аяктады. 

Фестивалды дароо ар башка улуттардын 5 алып баруучусу Урмат Борченов, Пазылджан Илимов, Вячеслав Мантусов, Максим Ли жана Владимир Садырбаев ачты, алар биздин маданий көп түрдүүлүгүбүздү айкын көрсөттү. 

Фестивалдын меймандарына жана катышуучуларына саламдашуу сөздөрү менен КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Отунбаева Роза Исаковна, КР Вице-премьер-министри Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна, Бишкек шаарынын Вице-мэри Рыскулова Айгүл Маратбековна, Кристенсен Фондунун Кыргыз Республикасындагы программасынын координатору Доолбекова Жылдыз Бекболотовна кайрылды. 

Ошондой эле ачылышта меймандар белгилүү ырчылар жана рэперлер Айыма Айылчиеванын, Бегиштин жана Баястандын аткаруусунда 6-Фестивалдын темасына атайын жазылган ырды укту. 

Бул күнү Билим фестивалынын бүткүл аймагы балдарга жана алардын ата-энелерине, шаардыктарга жана меймандарга, билим берүүчү жана чыгармачыл жамааттарга берилди. Бардык жерлерде ар түрдүү көргөзмөлөрү бар чатырлар жана оюн-зоок көрсөтүү үчүн сахналар, оюн аянтчалары жайгаштырылды. Ачык тийген күн майрамдын көркүнө көрк кошуп гана турду. 

Фестивалдын аймагы 14 интерактивдүү аянтчага – «класстарга» бөлүндү, аларда эртеден кечке чейин таанып-билүү көргөзмөлөрү, мастер-класстар, викториналар, конкурстар, концерт жана башка көптөгөн нерселер өттү. Шаардыктар бүт үй-бүлөсү менен төмөнкүдөй класстарга бара алды: «Концерттик», «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы», «Дүйнөнүн маданияттары (АНК)», «Китеп текчеси», «Билимбектин лабораториясы», «Дүйнөнүн ашканалары», БУУнун агенттиктеринен «Туруктуу өнүгүү максаттары» боюнча аянтча, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы, «Балдар» аянтчасы, «Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча медициналык аянтча», «Спорттук класс», «Бий классы», «Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү» жана «Гүл ярмаркасы», кечки «Музыкалык Эркиндик». 

Башкы сахнада эртеден кечке чейин балдар жана жаштар чыгармачыл жамааттарынын, Юлия Руцкая, Чолпон Талипбек, Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Курмангазы Азыкбаев жана анын "Энесай" жамааты сыяктуу КРнын белгилүү ата-мекендик артисттеринин, кубалык Black Kings тобунун концерти, ошондой эле Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын (ККА) коомдук бирикмелеринин оюн-зооктору өттү. 

Фестивалдын аймагы боюнча ККАнын коомдук бирикмелеринен көргөзмөлөрү бар чатырлар жайгаштырылды, ал жерде Кыргызстандын маданиятын жана этносторун билдирген ачык жана өз алдынчалуу улуттук костюмдарды кийген диаспоралардын өкүлдөрүн көрүүгө мүмкүн болду. 

Кыргыз бурчу бак-дарактардын көлөкөсүнө ыңгайлуу жайгашты, ал жерде кыргыз элинин элечекти ороо боюнча жана кыргыз ашканасы боюнча улуттук өнөрдү алып жүрүүчүлөрүнөн мастер-класстар өттү. Мындан тышкары, БУУнын аянтчасында меймандар менен бирге боз үй чогултулду, ал жерде андан соң Фестивалдын жаш меймандары үчүн жомок окулду. Боз үйдүн катарында балдарга улуттук оюндарды үйрөтүштү жана туура тамактануу жөнүндө айтып беришти. 

Фестивалдын меймандары «Дүйнө элдеринин ашканалары» аянтчасында мастер-класстарга катышып жана ар түрдүү тамактардан даам сыза алды, ага 11 ресторан, кафе жана кулинардык студия катышты. 

Жаштар аллеясын бойлото балдар чыгармачылыгынын шаардык жана республикалык борборлорунан жана башка билим берүү борборлорунан чатырлар жайгашты. Ар бир чакан стол ушул ийримдерге катышкан окуучулардын колу менен жасалган өз буюмдары, сүрөттөрү, оюнчуктары, майда буюмдары менен меймандардын назарын өзүнө буруп турду. Алардын ичинен авиамоделдерди, ракеталардын жана танкалардын моделдерин, токулган оюнчуктарды, мончоктон жасалган, мончокту тизүү техникасы боюнча аткарылган портреттерди жана гүлдөрдү, кагаз үйлөрдү, оригамини (KRJC), граттаж техникасындагы миниатюраларды, ишин жаңыдан баштап жаткан сүрөтчүлөрдүн иштерин – живописти жана башкаларды көрүүгө мүмкүн болду. Каалаган ар бир адам даяр иштерди көрүп гана тим болбостон, ошондой эле мастер-класстарга, анын ичинде интеллектуалдык оюндарга катышып жана кандайдыр-бир нерселерди өз колдору менен жасап көрө алды. 

Фестивалда маңызы жана масштабдары боюнча кайталангыс «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы (акы төлөнүүчү жана акысыз)» иштеди, анда Бишкектин 17 жогорку окуу жайы (ЖОЖ) жана колледжи, 4 кесиптик лицейи, борбордун 15 тил борбору жана 8 уюм катышты, алар чет өлкөлөрдө окуу жана ишке орношуу боюнча консультацияларды берди. Ярмаркага ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү жана өнүктүрүү кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү төмөнкүдөй уюмдар катышты: «Менталдык арифметика», «Робот техникасы», «Жекече өсүш» жана көптөгөн башкалар. 

Ошол эле учурда «Шанс» китеп дүкөнүндө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү, анын алкагында белгилүү инсандар – «Жарайт Сити» скетч-шоусунда ролдорду аткаруучу Нурсултан Курсанали уулу, ырчы Юлия Руцкая жана алып баруучу Урмат Борченов эртеден кечке чейин өспүрүмдөр менен жолугушуп, алар менен бирге китеп окушту, андан соң алардын суроолоруна жооп беришти. 

Фестивалдын аймагында ошондой эле «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү» темасына асфальттагы сүрөттөрдүн конкурсу өткөрүлдү. Конкурска шаардык мектептерден 62 команда катышты, анын финалында жеңүүчүлөр аныкталды жана сыйланды. 

«Бий» аянтчасында Жан Воиновдун Movement Dance Academy борборунан бий батлдары жана мастер-класстар өттү. 

«Балдар» аянтчасында бой менен тең көрктүү куурчактар, бийлер, конкурстар жана көңүлдүү оюндар балдарды кубандырды. Мындан тышкары, КЭУнун жыйын залында кенже класстардагы мектеп окуучулары «Эней» театрынан «Маша, Айпери и мыльные пузыри» (орус тилинде) жана «Рабаят» куурчак театрынан «Ким күчтүү» (кыргыз тилинде) деген кызыктуу жана таанып-билүү спектаклдерин көрдү. 

«Спорт» аянтчасында Фестивалдын ар бир мейманы батутта секирип, шаарыбыздын ар түрдүү спорттук мекемелери жөнүндө билип жана ар кыл спорттук оюндарга жана мастер-класстарга катыша алды. 

Башкы сахнада өткөн, бүйүрдү кызыткан концерт «Кара-жорго» боюнча мастер-класс менен аяктады, ал жерде эң жигердүү меймандар белгилүү манасчы Жусупа Мамайдын чөбөрөсү – Тургуналы Жусуп Мамай менен жана Кайрат Примбердиевдин ырдоосу астында бийди үйрөндү. 

Кечинде Филармониянын чоң залында «Өнүгүүнүн мобилдүү борборлору» долбооруна катышкан Бишкектин тумак-жай конуштарынан, реабилитациялоо борборлорунан жана Балдарды коргоо борборунан келген балдар жана алардын ата-энелери үчүн «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында «Дүйнө элдеринин бийлери» концерти уюштурулду. Концерттик программа «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунун бий жамааттарынын күчү менен  даярдалды. Ошондой эле роликтер көрсөтүлдү жана Билим фестивалынын алкагында өткөн «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» темасына социалдык видеороликтердин конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды. 

Фестивалдын уюштуруучулары жана катышуучулары сунуш кылган кызыктуу шоу жана өнүктүрүүчү мастер-класстар балдарга да, чоң кишилерге да жакты, ал эми Билим фестивалы балдар менен ата-энелердин кызыкчылыктарын бириктирүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү болуп калды. Ал ар бир балага – өзүнө жаккан нерсени табууга, ал эми ата-энелерге алардын балдары эмнеге кызыгарын билүүгө жардам берди. 

Майрам «Музыкалык Эркиндик» аянтчасы менен аяктады, ал жерде меймандар менен шаардыктар кеч түнгө чейин жандуу музыка менен ыракаттанды. Алтынчы Билим фестивалына болжол менен 15 000ден ашык адам барды.

 

Билим фестивалы Бишкекте 2013-жылдан тартып өткөрүлүп жатат. 2014-жылдан тартып ал тематикалык болуп калды жана Фестивалдын аракеттеринин биринчи күнү – өлкөнүн кесиптик ЖОЖунун базасында (2014-жылы – Раззаков атындагы КМТУ, 2015-жылы - Скрябин атындагы КУАУ, 2016-жылы - Ахунбаев атындагы КММА, 2017-жылы - КДТжСМА), экинчи күнү Бишкек шаарынын ортосунда 7 удаалашш аянтчада/класста өтөт.

2016-жылы Билим фестивалы борбордук-азиялык "Event Awards Central Asia" сыйлыгынын жыйынтыктары боюнча Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы деп таанылган. Мындан тышкары, Россия, Беларусь, Латвия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Армения сыяктуу өлкөлөрдүн ичинен 84 иш-чаранын арасында «Балдардын мыкты иш-чарасы» категориясында "Global Event Awards" глобалдык сыйлыгы менен сыйлоо аземинде (4-декабрь, Москва шаары) 3-орунга татыктуу болду.

 

Эске сала кетсек, Фестивалдын биринчи күнү 2018-жылдын 20-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин имаратында өттү. 

Фестиваль балдарды жана жаштарды, ошондой эле кеңири коомчулукту Кыргызстанда жашаган ар кыл этностук топтор менен тааныштырууга, аларда этностук көп түрдүүлүккө жана ар кандай элдердин маданий өз алдынчалуулугуна өз ара урматтоону тарбиялоого багытталган. 

2018 – Билим фестивалын «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Бишкек шаарынын мэриясы, ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссия жана Карасаев атындагы БГУ менен бирдикте уюштурду. 

2018 – Билим фестивалынын уюштуруучулары ушунчалык эбегейсиз зор балдар билим берүү иш-чараларын уюштурууга жардам бергени үчүн демөөрчүлөргө, бардык өнөктөргө, катышуучуларга жана волонтерлорго зор ыраазычылык билдирет.



Cсылка: http://festival.roza.kg/gallery/2685

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!