НОВОСТИ

2019-жылды экология менен улантабыз!

Билим кербени 2019-жылдан тартып Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча лекцияны улантат. Эко команданын лектору Данияр Суйундук уулу быйылкы жылы № 62, 11, 26 жана 71 мектептерге барды, ал жерлерде 8- 9-класстардын окуучулары үчүн экология темасына лекция – презентацияны өткөрдү, ошондой эле эко долбоордун алкагында Фонд тарабынан түзүлгөн эко роликтер көрсөтүлдү. Жогорку класстардын окуучулары активдүүлүгүн жана ынтызарлыгын көрсөттү, экология жагынан көптөгөн суроолорду беришти, ошондой эле өз пикирин бөлүшүп, шаардын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун сунуш кылды, мисалы; полиэтилен пакеттерине тыюу салуу, ыпыр-сыпырларды таштабай турган жерлерге аларды таштоо үчүн айып пулдарды көбөйтүү, көчөттөрдү отургузуу... 

Билим кербени ар бир лекциядан кийин көрсөтмөлүү материал катары мектепке «Жаш бишкектиктин эрежелери», «Кыргызстандын кызыл китебиндеги жаныбарлар», бардык экологиялык майрамдар айлар боюнча көрсөтүлгөн «Экологиялык календарь» плакаттарын, 2018 - Билим фестивалынын алкагында чыгарылган Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын каталогун, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле темасына видео-роликтердин комплектин берет. 

«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында ишке ашырып жаткан акциялардын бири болуп саналат. Ошондой эле эко долбоордун алкагында «Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» жана «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) акциялары ишке ашырылат. 

«Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» акциясы 2015-жылдан тартып 2017-жылга чейин акциянын алкагында жаз жана күз мезгилдеринде Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, «KICB» ЖАКнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын колдоосу менен Бишкек шаарынын 87 мектебинде жана 8 балдар бакчасында 40 000ден (кырк миңден) ашык көчөттү отургузду. «Жашыл Бишкек: мектептин айланасын жашылдандыруу» акциясынын максаты Бишкек шаарынын айланасында экологиялык тилкени түзүү, ошондой эле туура отургузуу аркылуу шаардын жашы фонун көбөйтүү, атап айтканда, өсүп кетүү жагынан жогорку кудуретин жана кургакчылыкка байымдуулугун көрсөткөн көчөттөрдүн жергиликтүү сортторун тандоо болуп саналат. 

«ТазаБИШ» акциясы 2015-жылдан тартып 2018-жылга чейин Бишкек шаарында, анын ичинде Ысык-Көл областында 14 акция өткөрдү. Ошондой эле ТазаБИШ «Планетаны таштандылардан тазалайбыз» акциясына кошулду, ошентип, "Let's do it!" дүйнөлүк экологиялык кыймылын колдоду. «ТазаБИШ» акциясынын алкагында өз-өзүнчө чогултуу аркылуу шаардык полигондун аймагында 40 тоннадан ашык таштанды чогултулду жана ташып чыгарылды. «ТазаБИШ» акциясынын максаты курчап турган чөйрөнүн булганышынын жана планетанын таштандыларга толуп кетишинин көйгөйлөрүнө адамдардын көңүлүн буруу, ошондой эле аларда курчап турган чөйрөгө чарбачыл мамиле жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана экологиялык маданияттын жана сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

Маалымдама: «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Кристенсен Фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан долбоорлордун бири болуп саналат. 

Долбоордун максаты: сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү түзүү максатында сырттан карап көз жүгүртүп туруучунун позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу.


 






Cсылка: http://roza.kg/2019/02/04/2019-zhyldy-ekologiya-menen-ulantabyz

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!