НОВОСТИ

9 УВК-гимназиясынын окуучулары үчүн эко-тарбиялоо боюнча билим кербени

Жаңы окуу жылында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды, ал «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурулган. 

Кербен 15-ноябрда № 9 УВКдан баштап старт алды, ал жерде эко-долбоордун өкүлдөрү 6-класстардын 80 окуучусу менен жолукту жана алар үчүн интерактивдүү лекция-презентацияны өткөрүп, алар менен экология темасына дискуссия кылды. Кербендин жүрүшүндө балдар «адам өзүнүн ата-журтуна кандай зыян келтирет», «пластик, таштандылар жана булганч аба ден соолук жана курчап турган чөйрө үчүн кандай өлчөмдө зыяндуу» жана эң башкысы, «биз курчап турган чөйрөгө кандай түрдө жардам бере алабыз» деген суроолорго жоопторду алды. 

Лекциядан кийин мектеп окуучулары 4 командага бөлүндү жана курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча өз идеяларын сунуш кылды. 

Кербен аяктагандан кийин катышуучулар өз пикирлерин бөлүштү: 

Турдубаев Бектур, 12 жашта:

"Мага бүгүнкү лекция шаарды булгаганга болбой тургандыгын көптөгөн окуучулар түшүнгөндүгү менен жакты. Өз дүйнөңдү сактоо, көп сандаган бактарды тигүү керек "

 

Свиквонс Янис Янович, 6- "Е-1" класстын окуучусу:

"Мен көп жаңы нерселерди билип калдым. Көрсө, өз планетасы жөнүндө бардык эле адамдар камкордук көрө бербейт экен. Ушунун айынан биз гана эмес, ошондой эле жаныбарлар жабыркайт. Биз муну четтетүүгө тийишпиз "

 

Каныбеков Бахтияр, 6-класстын окуучусу:

"Бизге бүгүн мультфильм көрсөтүштү, ал жерде адам жаныбарларды өлтүрөт жана айлана-чөйрөнү булгайт. Биз муну таптакыр жасоого тийиш эмеспиз. Биз дүйнөнү сактоого тийишпиз. Биз өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө тийиш эмеспиз, биз толгон-токой бактарды отургузууга тийишпиз. Биздин планетабыз жашоого тийиш!"

 

Суранбаев Колбай Канатбекович, 6- "Е-1" класстын окуучусу:

"Мага бүгүнкү лекция жакты. Мен өзүмдүн классым менен көп пайдалуу нерселерди билдик. Жаратылышыбызды кантип сактоо керектигин, мисалы, таштандыларды көчөгө эмес, таштанды идиштерине таштоо керектигин билдик. Өзгөчө эс алгандан кийин таштанды калтырууга болбойт. Биз ошондой эле көп бактарды тигүүгө жана өзүбүздүн шаарыбыз үчүн пайдалуу иштерди жасоого тийишпиз "

 

Тынчылыков Айдин, 6- "Е-1" класстын окуучусу:

"Мен көп пайдалуу нерселерди билдим: планета миллиарддаган жана андан ашык жылдар бою жашашы үчүн аны булгоого болбойт, аны сактоо керек."

 

Акылбекова Адеми Акылбековна, 6- "Е-4" класстын окуучусу:

"Мен бүгүн бизге таштандылар менен булгоого болбостугу, эко-сумкаларды колдонуу керектиги жөнүндө түшүндүргөнүнө өтө кубанычтамын. Көпчүлүк адамдар булгайт, аларга мындай кылууга болбой тургандыгын түшүндүрүү керек. Мен бүгүн бизге ушуну түшүндүргөнү үчүн өтө кубанычтамын, биз өз планетабызга жардам бере алабыз. Бардыгына ыракмат айткым келет."

 

Капралова Вероника Ивановна, 6- "Е-4" класстын окуучусу:

"Бул дүйнөнү булгоого болбойт. Айбанаттарды өлтүрүүгө болбойт, таштандыларды таштоого болбойт, жерге түкүрүүгө болбойт. Дүйнө жүзү бир нече жылдардан кийин кыйрап калышы мүмкүн. Бизге лекция окугандарга ыракмат."

 

Кербендин аягында уюштуруучулар катышып жаткан класстарга «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» эко-тарбиялоо плакаттарын, ар жылдагы Билим фестивалынын алкагында чыгарылган Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын каталогун, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле кылуу темасына видео-роликтердин комплектин белек кылды. 

«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы борбордун мектептеринде 2015-жылдан бери өткөрүлүп келаткан «Билимдердин кербени: Бишкектин мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» акциясынын уландысы болуп саналат жана мектеп окуучуларынын экологиялык жактан тарбиялуу болушун арттырууга, аларда учурдагы экологиялык көйгөйлөр жагынан түшүнүктү жана жаратылышты сактоо үчүн жоопкерчилик сезимин иштеп чыгууга, жаратылышты коргоо ишине алардын жигердүү катышуусуна багытталган. 

Эко-долбоордун акциялары жөнүндө кең-кесири: http://roza.kg/initiative/investing-in-next-generation/eco-project/ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Cсылка: http://roza.kg/2018/11/16/9-uvk-gimnaziyasynyn-okuuchulary-chn-eko-tarbiyaloo-boyuncha-bilim-kerbeni

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!