НОВОСТИ

Бишкек шаарынын МБУлары үчүн «ТККдан жасалган буюмдар» мастер-класстары


Жума күнү, 26-октябрда, № 173 мектепке чейинки билим берүү уюмунда (МБУ) Бишкек шаарынын тарбиячылары үчүн практикалык «ТККдан жасалган буюмдар» мастер-класстары өттү.





Мастер-класстар азыркы дүйнөнүн актуалдуу темасына – турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынын топтолушунун, аны утилдештирүүнүн же андан ары пайдалануунун көйгөйүнө арналды. 

Көрсө, ТККны балдар бакчаларында интерьерди кооздоо үчүн көркөм өнөрдүн бир бөлүгү катары майнап менен пайдаланууга болот экен. Кофе түтүкчөлөрү, пластик тарелкалар, керексиз картон, төө буурчак жана башкалар – ушулардын бардыгын көркөм өнөрдө пайдаланууга болот. 

Мындан тышкары, турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан турмуш-тиричиликтеги кыйла көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу нерселерди жасоого болот. 

Мастер-класстар «Бишкектиктер ыпыр-сыпырлардан кантип кутула алат жана мындан кантип акча табууга болот?» деген презентация менен башталды, ал катышуучуларга Бишкек шаарында ТККны кайсы жерге тапшырууга боло тургандыгы жөнүндө толук маалымат берди. 

Андан соң мектеп окуучуларынын «Кыргызстан балдары» шаардык чыгармачылык борборунун (МШЧБ) өкүлдөрү О.В. Авдеенко, О.В. Крылова, Г.Е. Савченко жана Ю.А. Хижнкова ТККны пайдалануу менен окуучуларга «Ийрилген жиптен жасалган топу», «Таң каларлык кашык», «Сыйкырдуу камыр» жана «Шайыр оюнчуктар» деген 4 мастер-классты өткөрдү. 

Мастер-класстар «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана «Кыргызстан балдары» МШЧБ менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Cсылка: http://roza.kg/2018/10/26/bishkek-shaarynyn-mbulary-chn-tkkdan-zhasalgan-buyumdar--master-klasstary-

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!