НОВОСТИ

Бишкекте «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китбинин презентациясы өттү



22-сентябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканада «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу балдар китебинин презентациясы өттү.

 

 

 

Бул Кыргызстандын жети региону, биологиялык ар түрдүүлүгү жана ажайып жерлери жөнүндө таанып-билүүчү жөн гана китеп эмес, бул – балдар үчүн саякат аңгеме түрүндө кызыктуу жана түшүнүктүү жазылган чыныгы энциклопедия. Кең-кесири карталар, ачык жана кооз сүрөттөр, ар бир областтын ажайып жерлерине сөзсүз түрдө басым жасоо, балдар үчүн тапшырмалар жана ата-энелер менен педагогдор үчүн сунуштамалар – ушулардын бардыгы басылманы кайталангыс кылды. 

Презентация автордун өзү Алтын Капалова жана жаш каармандар Эркинай менен Бекжан китептен үзүндүлөрдү окуусу менен башталды. 

Андан соң КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Отунбаева Роза Исаковна презентациянын меймандары менен саламдашып, китептин маанилүүлүгү жана балдар өз өлкөсүн изилдешинин маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди. 

Презентация аяктагандан кийин каалагандардын бардыгы кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган китепти сатып алып, ошондой эле Алтын Капаловадан автограф ала алды.

Презентация китептин автору жана башкы каармандары менен бирге сүрөткө түшүү менен аяктады. 

Китеп Кристенсен Фондунун колдоосу менен «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылды. 

Бул китеп жаш окурманды өлкөбүз жөнүндө жана анын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, экологиясын, тарыхый эстеликтерин жана материалдык эмес руханий мурасын сактоо үчүн ар бирибиз эмне жасай ала тургандыгыбыз жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырат. 

Сонун сүрөттөрү бар жаркыраган китеп балдар үчүн мыкты белек болуп калат. 

 

Сатып алуу маселелери боюнча төмөнкүдөй телефондор боюнча кайрылгыла: 

Нурзат - ‭(0555) 788-825‬ ‬‬ 

Альбина - ‭(0555) 004-240‬‬‬


 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

Cсылка: http://roza.kg/2018/09/23/bishkekte--kyrgyzstanybyzdy-izildeybiz-attuu--baldar-kitbinin-prezentaciyasy-tt

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!