НОВОСТИ

Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт: Кыргызстандын санарип мууну: Билим берүүдөгү IT билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)








Пресс – релиз БФ 2019


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт: 

Кыргызстандын санарип мууну: 

Билим берүүдөгү IT билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)


13-апрелде жана 4 майда Бишкек шаарында «Кыргызстандын санарип мууну: Билим берүүдөгү жана IT билим берүүдөгү МКТ» аттуу VII Билим Фестивалы өтөт.

VII Билим Фестивалы катышуучуларга жана меймандарга университет менен жакындан таанышууга, билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жана билим берүү системасындагы ITни колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого, ошондой эле жогорку класстардын окуучуларына МКТ жана IT тармагындагы болочок эрте кесиптик багыт берүүгө арналган мастер-класстардын сериясын көрүүгө өбөлгө түзөт.

Биринчи күнү 13-апрелде Асанбай кичирайонунда жайгашкан долбоорлоонун жаңычыл технологияларын эсепке алуу менен курулган заманбап университеттин бири БААУнун (АУЦА) аймагында өткөрүлөт.

Экинчи күнү - 4-майда биздин сүйүктүү жайыбыз —"Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сценада, ал эми 12 аянтча/класстар "Сейтек" Балдар жана өспүрүмдөрдүн Улуттук Борборуна чейин созулат да, Эмен паркынын, К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн Республикалык китепканасынын, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын айлана-тегерегинде жайгашат.

2019-жылы Фестиваль азыркы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүндөгү МКТ жана IT технологияларын даңазалоо максатында технология, инновация жана коммуникация сыяктуу тармактарды бириктире турган платформаны түзөт.

VII Билим Фестивалынын эки күндүк программасында 200дөн ашык иш-чаралар пландаштырылган: чыгармачылык өнөрканалар, интерактивдүү көргөзмөлөр, мультимедиа инсталляциялары жана 3D купол, роботтордун мелдеши, илимий шоулар, астрономиялык байкоо жүргүзүүлөр, илимий-таанып билүү фильмдери көргөзүлөт, IT жана программалоо тармагындагы эксперттер менен жолугушуулар, концерттер, театралдык көрсөтүүлөр, бий мелдештери, «Жылдыздар балдарга китеп окуп берет» ж.б.д.у.с. тартууланмакчы.

VII Билим Фестивалы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондусу, Бишкек шаарынын мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка Университети тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасындагы ЮНЕСКО, «Сорос-Кыргызстан» Фондусу , KICB банкы жана Фестивалдын көп сандагы өнөктөштөрү тарабынан, алардын ичинде КРнын Билим жана илим Министирлиги, КРнын Маданият, маалымат жана туризм Министирлиги менен бирдикте өткөрүлгөнү жатат.

VII Билим Фестивалынын катышуучулары, уюштуруучулары жана өнөкөштөрү тууралуу биз акырындык менен өзүбүздүн сайтыбызда жана социалдык тармактардагы баракчаларыбызда баяндап жүрүп отурабыз:

http://festival.roza.kg/ 

facebook

Instagram: @bilimfestkg 

Youtube 

Хештег: #bilimfest2019 


Жаңылыктарды карап туруңуздар!


Кошумча маалымат алуу үчүн сиздер бизге төмөнкдөгү электрондук дарекке кат жазыңыздар: bilimfestkg@gmail.com, ошондой эле төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот: 66-03-68, 0773 970 808 (Нурзат Жээмбаева), 0555 81 22 51 (Алена Муховикова, медиа боюнча адис)

 



  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!