НОВОСТИ

Борбордо «Мугалимдерге климаттын өзгөрүшү жөнүндө» тренинги өтөт


28-29-августта Бишкек шаарында борбордогу мектептердин табигый илимдер мугалимдери үчүн «Климаттык кутучаны» Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу процессине интеграциялоо» темасына кыргыз жана орус тилдеринде тренингдер өтөт.


«Климаттык кутуча» – бул «Климаттын өзгөрүшү» темасы боюнча, бүтүндөй алганда, климаттын өзгөрүшүнүн курчап турган чөйрөгө таасири жөнүндө жаштардын жана коомчулуктун маалымдар болушун арттыруучу, билим берүү мекемелери үчүн жаңы окуу куралы. Окуу куралы сүрөттөрү бар маалымдаманы билдирет, ал көптөгөн кылымдар аралыгында климаттык өзгөрүүлөрдүн процессин кызыктуу жана жеткиликтүү формада түшүндүрөт. 

Окуу куралы Россияда иштелип чыккан жана чыгарылган, ал эми 2016-жылы адаптацияланган кутуча Борбордук Азиянын үч өлкөсү – Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан үчүн чыгарылган. Комплект жаңыланган, ага ушул өлкөлөрдүн окурмандары үчүн көбүрөөк кызыктуу жана актуалдуу мисалдар кошумчаланган. 

Комплекттин жаңыланган версиясы 2017-жылдын сентябрында Кыргызстанда сунуш кылынган. Кыргыз Республикасы үчүн адаптацияланган, адегенде ПРООН Россия Федерациясы тарабынан иштелип чыккан «Климаттык кутуча» ПРООН-ГЭФтин «Экологиялык маалыматты башкаруунун жана мониторингинин улуттук тутумун жакшыртууну камсыз кылуу үчүн институционалдык жана укуктук потенциалды күчөтүү» долбоорунун алкагында «БИОМ» ЭК менен бирдикте иштелип чыкты. 

Бул окуу куралы климаттын өзгөрүшүнүн маселелери боюнча өлкөнүн орто мектептери үчүн Кыргызстанда биринчи окуу материалы болуп калды. «Климаттык кутучаны» Кыргызстандын 20 мектебинде пилоттоштургандан кийин ал жеткире иштелип чыккан жана КРнын орто мектептеринде пайдалануу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган. Бул эмгектин ийгиликтүүлүгүн таануу катары 2017-жылдын 16-ноябрында Бонндо (Германия) «Климаттык кутучанын» локалдаштырылган версиясы БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын тараптарынын жолугушуусунда презентацияланган. 2017-жылы «Климаттык кутучанын» 3000 нускасы (кыргыз жана орус тилдеринде) басып чыгарылган, алар Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын региондорунун 1507 мектебинин арасында таратылган. 

28-29-августтагы тренингдерге Кыргызстандын региондорунан пилоттук мектептердин өкүлдөрү чакырылган, алар ийгиликтүү практикаларын жана тажрыйбасын тренингдердин катышуучулары менен бөлүшөт.

«Климаттык кутучанын» башкы милдети – аудиторияны климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйү менен жөн гана тааныштыруу эмес, ошондой эле туура чечимдерди кабыл алуу жана аларды аткаруу ар бир адамга жана бүтүндөй өлкөлөргө анчалык маанилүү экенин көрсөтүү.

«Климаттык кутуча» КР БжИМдин И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы «Педагогикалык билим берүү» багыты боюнча окуу-методикалык бирикме тарабынан сунушталган. «Климаттык кутучанын» кыргыз жана орус тилдериндеги материалдары «Ачык китепкана» сайтына жайгаштырылган: http://lib.kg/klimattyk-kutucha/.

«Климаттык кутучаны» Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу процессине интеграциялоо боюнча тренингди «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта «өнүктүрүү максатында Россия-ПРООН Трасттык фондунун» колдоосу менен уюштурду.


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!