НОВОСТИ

«Климаттык кутуча»

2017-жылдын 21-ноябрында «Орион Бишкек» отелинде «Климаттык кутуча» окутуу комплектин салтанаттуу презентациялоо жана тапшыруу болуп өттү «Климаттын өзгөрүшү» темасы боюнча Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн окуу куралы Бишкек шаарынын 100дөн ашык билим берүүчү уюмдарына, анын ичинде мектептерге жана мектептен тышкаркы борборлорго таратылды.

 

Иш-чарага ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлдөрү, ПРООНдун «Климаттык кутуча» долбоорунун Москва жана Сочи шаарларынан келген региондук консультанттары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук билим берүү борборлорунун директорлору, райондук билим берүү борборлорунун окуу-тарбиялоо иши боюнча башкы адистери, жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлору, балдар чыгармачылык борборлорунун директорлору,директорлордун илимий-методикалык иш боюнча орун басарлары жана табигый-илимий циклбоюнча мектептердин методикалык бирикмелеринин жетекчилери катышты. 

«Климаттык кутуча» – бул «Климаттын өзгөрүшү» темасы боюнчаокуу-оюн материалдарынын комплекти, ал 2-11-класстардын окуучуларына жана билим берүү жагынан «Табият таануу» жана «Курчап турган дүйнө» сабактарын өтүүчү мугалимдерге арналган. «Кутуча» климаттын өзгөрүүлөрү, анын ыктымалдуу кесепеттери жөнүндө кызыктуу окуялар, фото сүрөттөр, графикалык карталар жана башкалар түрүндө эң заманбап илимий натыйжаларды жөнөкөй жана жеткиликтүү формада түшүндүрөт. 

Кыргызстанүчүн адаптацияланган комплект ПРООН-ГЭФтин «Экологиялык маалыматты башкаруунун жана анын мониторингинин улуттук тутумун жакшыртууну камсыз кылууүчүн институционалдык жана укуктук потенциалды күчөтүү» долбоорунун алкагында даярдалды. Бул комплект «Жаңы дүйнө» программасы колдогон,«Кока-Кола» компаниясы финансылоочужана ПРООН ишке ашыруучу «Климаттык кутуча: Климаттын өзгөрүшүнүн маселелери боюнча билим берүүжана агартуу» региондук долбоорунун алкагында «БИОМ» экологиялык кыймылы менен бирдикте иштелип чыкты. 

Салтанаттуу иш-чаранын ар бир катышуучусу бирден «Климаттык кутуча» комплектин алды, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Окуучулар үчүн «Климаттын өзгөрүшү» темасы боюнча таанып-билүү материалдары, сүрөттөрү, интерактивдүү жана жекече суроо-тапшырмалары бар сүрөттүү окуу куралын;

• Ар кандай класстарда сабактарда материалдардын комплектин пайдалануубоюнча мугалим үчүн методикалык сунуштамаларды;

• Оюн суроо карточкаларынын топтомун;

• «Климаттын өзгөрүшү: эгерде адамзат парник газдарынын абага чыгарылышын кыскартуу үчүн мүмкүн болгондун бардыгын жасабаса, 20-кылымдын аягына карата жаратылышжана адам үчүн кесепеттер» картасын;

• Өзүнүн «көмүр-суутек изин» кантип кыскартуу керектиги жөнүндө кеңештери бар плакатты;

• Окуу куралынын бардык материалдарын камтыган оптикалык дисканы. 

«Климаттык кутучаны» түзүү жагынан авторлордүун чоң командасы иштеди. Эң ар түрдүү чөйрөлөрдөн эксперттердин ичинде: географтар, биологдор, экономисттер,ошондой эле кесипкөй балдар жазуучулары бар. Долбоорго тажрыйбалуу педагогдор зор салым кошту, алар мектептеги сабактарда комплектти пайдалануу боюнча мугалим үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга жардам берди. 

Бул окуу куралы КР БжИМдин окуу-методикалык бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын мектептери үчүн И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы «Педагогикалык билим берүү» багыты боюнча сунушталды. 

Жакынкы учурда Бишкек шаарынын мектеп методикалык бирикмелеринин жетекчилери жогоруда көрсөтүлгөн окуу куралын педагогдор колдонушу боюнча окутуучу тренингдерге катышат деп пландаштырылууда. 


Cсылка: http://festival.roza.kg/gallery/2668

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!