НОВОСТИ

«Климаттык кутуча» окутуу методикасы

2018-жылдын 26- жана 29-январында «Экология боюнча лекторий» лекциялар циклинин алкагында Бишкек шаарынын мектептеринин химия, биология жана география мугалимдерине 2017-жылдындекабрында Бишкек шаарынын бардык мектептеринин арасында акысыз таратылган «Климаттык кутуча» окуу-оюн окуу куралын өтүүнүн жана пайдалануунун методдору жана ыкмалары жөнүндө айтып беришти. 

Борбордун мектептеринин химия жана биология боюнча 79 мугалими, географиябоюнча 90 мугалими лекциянын катышуучулары болуп калды. Лекцияны эксперт-эколог, «БИОМ» экологиялык кыймылынын директору Кириленко Анна өткөрдү, кыймыл ПРООНменен бирдикте Кыргызстанүчүн «Климаттык кутучаны» адаптациялоого катышты. 

Мугалимдер белгилегендей, бул лекция инновациялуулугужана интерактивдүүлүгүменен айырмаланды жана катышуучуларга өз мектептеринде экологияны өтүү боюнча көптөгөн жаңы идеяларды берди. Атап айтканда, мугалимдер жаңы кызыктуу методикаларды, анын ичинде ООМЧТны – окутууда ойлоп табуу милдеттерин чечүү теорияларын, «Көйгөйлөрдүн дарагы» методун, ошондой эле климатжана экология жагынан окутуу процесси үчүн жаңы форматтарды билип алды. 

Лекция «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен кызматташтыкта уюштурулду. 

«Климаттык кутуча» – бул «Климаттын өзгөрүшү» темасы боюнча окуу-оюн материалдарынын комплекси, ал 2-11-класстардын окуучуларына жана билим берүү жагынан «Табият таануу» жана «Курчап турган чөйрө» сабактарын өтүүчү мугалимдерге багытталган. Комплектти Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) колдоосу менен даярдады. 

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында борбордун мектептерине «Климаттык кутуча» окуу комплектин салтанаттуу презентациялоожана тапшыруу болуп өттү. 


Кириленко Аннанын презентациясы менен ушул жерден таанышууга болот>>>


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Cсылка: http://roza.kg/2018/01/30/klimattyk-kutucha-okutuu-metodikasy

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!