НОВОСТИ

Кыргызстандын элдери: Орустар

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга»VIБилим фестивалына даярдыктын алкагында биз Кыргызстандын аймагында жашаган элдер жөнүндө байкоолордун циклин улантабыз. Бүгүн сөз орустар менен кыргыздардын маданияттарынын өз ара жуурулушужөнүндө болот.

 

Кыргызстанда орустар 100 жылдан ашык, падышачылык Россиянын учурунан бери жашап келатат. Андыктан, эгерде алгачкы орус көчмөндөрүнө жергиликтүүкалктын мамилеси сак болсо, СССР түзүлгөн убакытка карата мыкты жакшы коңшулаштык мамилелер түзүлгөн. Орустар Орто Азиянын өзгөчөлүктөрү менен байланышкан айыл чарбасынын жана турмуш-тиричиликтин айрым адаттарын, мисалы, алар үчүн жаңы өсүмдүктөрдү сугарууну, өстүрүүнү алган. Келгендер жергиликтүүадамдарды жаңы технологияларга аралаштырды. Алар алдыңкы маданиятты алып жүрүүчүлөр катары кабыл алынды. Айрым кесиптердин өкүлдөрүнө, мисалы, врачтарга дегеле кастарлаган мамиле жасалды, анткени алар көп учурда таптакыр болгон эмес. Көчмөн элдер орустардан чөптү камдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө билди. Чалгынын пайда болушу өз учурунда чыныгы алга илгерилөө болгон. 

Көчүп келгендер жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн: кара буудайды, буудайды, арпаны, картошканы, капустаны, кант кызылчасын, помидорду алып келди. Алар театрларды, ооруканаларды, мектептерди жана жолдорду курду. Мында Россия империясынын мезгилинде өкмөт турмуш-тиричиликтин демейки жагдайын максималдуу сактоого аракет кылган, кала берсе жергиликтүүэркектер аскерге чакырылган эмес. 

Ошол эле учурда орустар бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүнү, улуттук тамактарды: палоону, мантуну, самсаны, чак-чакты, лагманды, шиишкебекти, бешбармакты жана башка көптөгөн тамактарды жасоону үйрөндү. Убакыттын өтүшү менен орус коңшуларды улуттук майрамдарга жана үйлөнүү үлпөттөрүнө чакыра башташты, алар болсо, өз кезегинде, жергиликтүүсалттарды өздөштүрүп жана аларды сактаганды үйрөндү. Жаңы жыл жана Рождество майрамдарына күн менен түндүн жазгы теңелген күнүндө белгиленүүчү Нооруз жана башка майрамдар кошулду. Орустар белектерди үйлөнүү тоюнда же туулган күнү гана эмес, ошондой элежакшы кабар, келинди же жаңы туулган баланы биринчи жолу көргөндүгү үчүн, көпкө чейин көрбөй жүргөндөн кийин же сапардан келгенден кийин сүйүнчү берүүнү үйрөндү. Майрамдарда өзүнүн даам-татымы менен келүү, үйдү бирге куруу, арыктарды тазалоо же чатырды жабуу, ал эми иш аяктагандан кийин жалпы оюн-зоок жана тамак-аш менен белгилөө адатка айланды. Көпчүлүк үрп-адаттар жашоо-тиричиликке ушунчалык аралашкандыктан, алар кайсы элде биринчи пайда болгонун эч ким билбей калды. 

Бара-бара элдер салттар бузулбаган жана бири-биринин диний сезимдерин урматталган тынч бирге жашоонун өз ыкмасын иштеп чыкты. Кээ бир жерлерде үрп-адаттар жуурулушуп, айрым тараптары жагынан жергиликтүүмыйзамдар ийкем болуп калды. Европалык көйнөк кийген аялдардын турум-турпаты мусулмандарды таң калтырбай калды. Жыл өткөн сайын аралаш никелер улам көбөйө баштады. Орто Азияда туулган балдар айырмачылыктарды байкабай да калды. 

Соңку эл каттоого ылайык, орустар – Кыргызстанда эң көп сандагы диаспоралардын бири жана 350 миңге жакын адамды бириктирип турат. Ал эми орус тили республикада эң артыкчылыктуу – расмий статуска ээ. Бардык көчөлөрдүн аталыштары, анын ичинде мамлекеттик, ошондой элежеке мекемелердин аталыштары да сөзсүз түрдө орус тилинде кайталанат. Өлкөдө көп мектептерде орус тилинде окушат, өз ара сүйлөшөт, көптөгөн белгилүү ЖМКлар да орус тилинде басып чыгарылат. 

Ошондуктан республикада орустар эң жакын улуттардын бири катары кабылданганында таң кала турган эч нерсе жок.  

Өз учурунда «Музыка – элдин жан-дүйнөсү»долбоорунун алкагында көрүүчүлөрдү орус маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырган концерт-презентация аншлаг менен өткөн. Бул эң сонун концерт болгон, анын учурунда көрүүчүлөр орус музыкалык маданиятынын: орус элдик ырларынан тартып романстарга чейинки бардык жанрлары менен, музыкалык үрп-адаттары, бийлери менен таанышып, байыркы музыкалык аспаптардын презентациясын көрүп, орус улуттук кийимин карап көрүп жана анын тарыхын уга алган (фотодогу фоторепортаж). 

Бардык ушул материалдар орус маданияты жөнүндө балдар үчүн «Менин досторума мейманга»китебинин главасынын негизин түздү, анын автору мыкты жаш жазуучу, көркөм өнөрдү таануучу жана үч баланын энеси Алтын Аман болуп калды. 

Китептин башкы каарманы – Бекжан деген бала өз окурмандарын өзүнүн достору жана алардын үй-бүлөлөрү менен тааныштырат. Ал ошолор менен бир класста окуйт, алар менен бир үйдө жана бир короодо жашайт, спорттуксекцияларга барат. Анын достору ар түрдүү жана алардын ар бири өз үй-бүлөсү жөнүндө, алардын үйүндө ырдалуучу ырлар, анын үй-бүлөсү белгилеген майрамдар жөнүндө айтып берет. Китепте жаш окурман корейже дунган, уйгур же түрк тилдериндеги сөздөрдү жаттай ала турган сөздөр бар; Кыргызстандын этносторунун бүткүл короо же класс ойной ала турган оюндары бар; Кыргызстандын этносторунун маданияты жөнүндө көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар бар, аны окуп чыгып бала алда канча бай, боорукер жана акылман болуп калат.

 

Китепти Фонд кыргыз тилине которду жана кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү. Аны сатып алуу маселелери боюнча төмөнкү телефондор боюнча кайрылуу керек 0312-660382, 0552-085161, 0700-648904 Асель Джумагулова.




  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!