НОВОСТИ

«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» билим фестивалынын биринчи күнүнүн пост-релизи



«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» 

ПОСТ-РЕЛИЗИ  




Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 20-апрелинде, Бишкекте ушундай тема астында ар жылдагы Билим фестивалынын биринчи күнү алтынчы жолу өттү. 

Быйылкы жылы Фестивалды өткөрүү орду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети болуп калды, анын имаратында төмөнкүдөй иш-чаралар өттү: дүйнө элдеринин концерттери жана бийлери, студенттердин катышуусу менен университет боюнча мектеп окуучулары үчүн экскурсиялар, мастер-класстар, бардык факультеттердин жана кафедралардын презентациялары, англис жана кыргыз тили боюнча мектеп мугалимдери үчүн лекция-презентациялар, Тынчтык Корпусунан студенттер үчүн «HeroesTeach»презентациясы, «Элдердин достугу» темасына БГУнун студенттеринин арасындагы дебаттар жана мектеп парламенттеринин өкүлдөрү үчүн «AIESEC» эл аралык уюмунан лидерлик темасына интерактивдүү презентациялар. Мындан тышкары, келүүчүлөр ЗD планетарийде таанып-билүү фильмдерин көрө алды. 

Ошол эле учурда, БГУнун короосунда лицейлердин жана колледждердин кесипке багыт берүүчү көргөзмөсү жайгашты, ал жерде студенттер менен окуучулар өз адистиктери боюнча мастер-класстарды көрсөттү жана өздөрүнүн окуу жайлары жөнүндө айтып берди. КРнын Кызыл жарым ай улуттук коомунун волонтерлору алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстарды өткөрдү. 

Фестивалдын концерттик бөлүгүн кесиптик-техникалык лицейлердин оюн-зооктору, Кызыл жарым ай волонтерлорунанпозитивдүүфлешмоб, ошондой эле катышуучулардын өздөрүнөн эркин бийлер толуктады. 

Фестивалдын меймандары БГУда окутуу дүйнөнүн 16 тилинде өтөөрүн эске алып, ар түрдүү элдердин тилдери жана маданияттары менен тааныша алды. Мисалга алсак, БГУнун кытай тили факультети чай ичүү аземин, ушунун элементтерин жана кытай мини-спектаклдерин/жомокторун көрсөттү, ал эми славян тилдери факультети орус жана украин тилдериндеги ар кыл адабий чыгармалар жана «Славян маданиятынын дүйнөсүндө» театрлаштырылган-музыкалык композиция аркылуу славян маданиятын сунуш кылды. Кыргыз тили факультетинде Ч.Айтматовго арналган интерактивдүү презентация сунуш кылынды, кол өнөрчүлүктүн салттуу түрлөрү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Кыргыз улуттук «Элечек» баш кийиминин көргөзмөсүн«Миң кыял» коомдук фонду уюштурду, ал көптөгөн жылдар бою кол өнөрчүлүктүн жана үрп-адаттардын салттуу кыргыз түрлөрүн кайра жаратуу, сактоо жана даңазалоо жагынан иш жүргүзүп келатат. 

2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнө 4 миңден ашык адам, негизинен мектеп окуучулары жана студенттер келди. 

Келүүчүлөрдүн жалпы пикири боюнча, Фестиваль келечектеги кесипти тандоо жөнүндө олуттуу ойлонууга жана ЖОЖдун өзү менен таанышууга мүмкүндүк берди. 

Фестивалдын экинчи күнү 19-майда Улуттук филармониянын айланасындагы аймакта өтөт.



 

 

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!