НОВОСТИ

Мектептердин алдындагы лагерлердин тарбиялануучулары үчүн кызыктуу эко-иш-чаралар

Окуу жылынын ичинде Бишкек шаарынын 14 мектебине жана 1600дөн ашык балдарына барган Экология боюнча билим кербени жайдын келиши менен мектептердин алдындагы жайкы лагерлерге бурулду.

 

12-июндан 16-июнга чейинки мезгилде № 94, 42, 27, 32 жана 88 мектептердин алдындагы лагерлерде эко-сабактар өткөрүлдү жана экология боюнча презентациялар көрсөтүлдү, анын ичинде «Жаш бишкектиктин эрежелери» талкууланды, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында түзүлгөн «Адам жана таштанды» мультфильми жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле боюнча социалдык роликтер көрсөтүлдү, эко-оюндар, эко-викторина өткөрүлдү жана Кербендин эң ынтызар угуучуларына жана жигердүү катышуучуларына экология боюнча кызыктуу китептер тапшырылды.

 

Мектептердин алдындагы лагерлердин 510 тарбиялануучусу Кербендин катышуучулары болуп калды.

 

Экология боюнча билимдердин кербенинин экинчи этабы «Музейдеги жолугушуулар» акциясынын алкагында 19-июндан 23-июнга чейин Суу музейинде өттү. Суу музейи – Борбордук Азияда өзүнчө түрдөгү жападан жалгыз музей экенин белгилеп кетүү керек.

 

«Суу музейиндеги жолугушуулар» – бул К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) жайгашкан Музейге экскурсиялар, ошондой эле суу, экология жана биологиялык ар түрдүүлүк, ошондой эле курчап турган чөйрөгө аяр жана жооптуу мамиле темасына интерактивдүү презентациялар, экологиялык темаларга социалдык роликтерди жана мультфильмдерди көрсөтүү, «Жаш бишкектиктин эрежелери» талкуулоо, викториналар жана кызыктуу эко-китептерди ойнотуу менен коштолгон таанып-билүүчү экологиялык иш-чара.

 

Мугалимдер, тарбиячылар жана Бишкек шаарынын №85; №94; №89 мектептеринин алдындагы лагерлердин 200дөн ашык тарбиялануучулары суу жана экология дүйнөсүнө кызыктуу саякаттын катышуучулары болуп калды, алардын көпчүлүгү Суу музейи бар экенин биринчи жолу билди.

 

Жогоруда эске алынган акциялар мектеп окуучуларынын жана тарбиячылардын арасында зор кызыгууну жана оң мамилени пайда кылды.

 

«Мектептердин алдындагы лагерлер үчүн экология боюнча билимдердин кербени» жана «Суу музейиндеги жолугушуулар» «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулду.

 

Акцияларды уюштуруучулар – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы.

 

 

 

 

 

 
 
 

 

 

 

 

 

 

 

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!