НОВОСТИ

VI БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ: досторума мейманга»

20-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде мектеп окуучуларынын жана студенттердин, мамлекеттик жана эл аралыкуюмдардын, Кыргызстанда аккредитацияланган элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: досторума мейманга» 2018 - Билим фестивалынын биринчи күнүнүн расмий ачылышы болот. 

2013-жылдан тартып ар жылдагы Билим фестивалыөткөрүлүп келүүдө, ал 2014-жылдан тартып тематикалык болуп калды жана биринчи күнү – өлкөнүн ЖОЖдорунун биринин базасында (2014-жылы – Раззаков атындагы КМТУ, 2015-жылы - Скрябин атындагы КУАУ, 2016-жылы - Ахунбаев атындагы КММА, 2017-жылы - КГАФКиС), экинчи күнү Бишкек шаарынын ортосунда 7 удаалаш аянтчаларда/класстарда өткөрүлөт. 

Билим фестивалынын«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү:досторума мейманга» деген темасы бекеринен тандап алынган жок. Кыргызстанда өзүнүн маданиятын, тилин жана салттарын алып жүргөн 80ден ашык ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашайт. Бул көп түрдүүлүк жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчүжана байлыгы болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, биздин өлкөдө көптөгөн чет өлкөлүк студенттер жана башка өлкөлөрдүн жарандары окуп жана жашап жатат, ал эми биздин жарандарыбыз чет өлкөлөрдө жашап жана окуп жүрөт. Ошондуктан биз – кыргызстандыктар – үчүн башка элдердин маданиятын, үрп-адаттарын жана салттарын билүү, түшүнүү жана урматтоо маанилүү. Бул маданияттар аралык диалогду андан ары өнүктүрүүгө, өз ара түшүнүшүүгө жана тынчтыкка көмөктөшөт. 

Фестиваль балдарды жана жаштарды Кыргызстанда жашаган ар түрдүү этностук топтор менен тааныштырууга, аларда ар кыл элдердин этностук көп түрдүүлүгүн жана маданий өз алдынчалыгын урматтоону тарбиялоого багытталган. 

Фестивалдын биринчи күнүндө бардык меймандарды студенттердин жана профессордук-окутуучу курамдын катышуусу менен Бишкек Гуманитардык Университети боюнча экскурсия күтөт. Концерт жана дүйнө элдеринин бийлери, БГУнун бардык кафедраларынын жана факультеттеринин презентациялары, мектеп окуучуларын дүйнөнүн ар башка тилдериндеги саламдашуу сөздөрүнө үйрөтүү, БГУнун студенттеринин дебаттары – ушулардын бардыгын эртең көрүүгө болот. 

Мындан тышкары, мектеп окуучулары үчүн мастер-класстар, ЗD планетарий жана кесипке багыт берүүчү көргөзмө уюштурулат, ал мектеп окуучуларына келечектеги кесипти тандоого жардам берет. 

Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаарынын мэриясы, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы жана К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети уюштурду. 

 

Фестивалдын экинчи күнү 19-майда Улуттук филармониянын айланасындагы аймакта өтөт.

 

Сиздерди VI Билим фестивалында күтөбүз!


Тел/факс: 0(312) 660368, 0(556)205305

Инстаграм: Bilimfestkg

Сайт: festival.roza.kg, www.roza.kg 




  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!