НОВОСТИ

Жалал-Абад шаарында биологиялык ар түрдүүлүккө, экологиялык көйгөйлөргө жана курчап турган чөйрөгө арналган тренинг өттү

2018-жылдын 1-августунда Жалал-Абад шарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Жалал-Абад областынын биологиялык ар түрдүүлүгү, экологиялык көйгөйлөрү жана курчап турган чөйрөсү» темасында тренингди өткөрдү. Иш-чара «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун финансылык колдоосу менен өттү GIZ. 

Семинарга Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон, Ноокен жана Тогуз-Торо райондорундагы бала бакчалардын жетекчилери, тарбиячылары катышышты. Баардыгы болуп 60тан ашык катышуучу болду, ошондой эле Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. 

Тренингдин максаты – курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча балдарда билимдерди, иш билгиликти жана жөндөмдөрдү калыптандыруу үчүн мугалимдердин, тарбиячылардын экология боюнча потенциалын күчөтүү. 

Семинардын материалдары теориялык, ошондой эле практикалык бөлүктү камтыды. Окутуунун милдети – тарбиялоонун жана окутуунун жаңы методикаларын пайдалануу менен тарбиячылардын потенциалын күчөтүү, ошондой эле балдар бакчаларында балдарды окутуу процессинде практикалык колдонуу үчүн билимдерди жана жөндөмдөрдү жакшыртуу. Практикалык жактан микроскоп менен мастер-класстар өткөрүлдү. 

Маалымат үчүн: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды тартуу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана кедейликти кыскартуу» глобалдык долбоорунун алкагында, GIZ’дин финансылык колдоосу менен «Жайлоодогу экологиялык лагерь» долбоорунун алкагында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында жайлоодогу 2 экологиялык лагерди ачты. 

Долбоордун өзү жайлоодо STEM’ди пайдалануу менен 2 экологиялык лагерди түзүү аркылуу курчап турган чөйрөнү сактоо боюнча балдарда билимдерди, иш билгиликти жана жөндөмдөрдү калыптандырууга багытталган (практикалык эксперименттер). 

Бул долбоордун алкагында “Кең-Кол” Жайлоодогу өнүктүрүү борбору 2 металл боз үй, окутуучу материалдар, анын ичинде 3 телескоп, 2 микроскоп жана дүрбү менен камсыз кылынды. Мындан тышкары, ушул экологиялык лагерлерде жай бою мастер-класстар өткөрүлүп турат.


 

 

 

 

 

 


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!