НОВОСТИ

Жаратылышты сүйүүгө жана курчап турган чөйрөнү коргоого аралаштырабыз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан жүргүзүлүп жаткан жана 13-июлда Талас областынын «Барчын» балдар ден соолукту чыңдоо борборунда старт алган «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» Арт-лагеринин кызыктуу программасы шейшембиде 17-июлда «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербенинен» экологиялык лекция менен толукталды.  

Алсак, «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында уюштурулган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» эко-акциясы лагердеги 140тан ашык балдар менен кызыктуу жана таанып-билүүчү эко-жолугушууну өткөрдү.  

Таанып-билүүчү интерактивдүү лекция, экологиялык роликтерди көрүү жана эко-көйгөйлөрдү талкуулоо аркылуу балдарды жана өспүрүмдөрдү курчап турган чөйрөгө аяр мамилеге аралаштырып, эко-акция балдарда экологиялык маданияттын үлгүлөрүн тарбиялоого аракеттенди. 

Бул лекциянын жүрүшүндө балдар «адам туулуп-өскөн жерине кандай зыян алып келет», «пластик, таштандылар жана булганган аба ден соолук жана курчап турган чөйрө үчүн кандай өлчөмдө зыяндуу» жана эң башкысы «биз курчап турган чөйрөгө кантип жардам бере алабыз» деген сыяктуу суроолорго жоопторду ала алды. 

Лагердеги балдар менен иштөө учурунда колдонулган интерактив учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүнү жана балдар жаратылышты сактоо үчүн жоопкерчиликти сезишин арттырууга, жаратылышты коргоо ишине алардын жигердүү катышуусуна жардам берди. 

«Билим кербени» эко-лекциясын балдар «Таза Барчын» акциясы (Бишкекте өткөлүлүп жаткан "ТазаБИШ" акциясынын альтернативасы) менен бекемдеди, ал «Барчын» балдар ден соолукту чыңдоо борборунун аймагында өттү. Балдар өзүнүн көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө: калдыктардын көбөйүшүнүн жана курчап турган чөйрөнү сактоонун көйгөйлөрүнө бура алды жана байкоочу болуп гана калбастан, эко-апаатты четтетүү процессине жигердүү катыша алды. 


 

 

 


  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!