Фестивалга кош келиңиздер!

Билим берүү фестивалы – балдар үчүн ар жылдагы билим берүү фестивалы, ал 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул долбоор өзүндө балдар жана мектеп билим берүү чөйрөсүндө ярмарканын форматын, эс алуу борборлорун, балдардын чоң майрамын жана кесиптик форумду айкалыштырат.
Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөө жөндөмүн, ошондой эле кенже курактан тартып эле өз алдынча ойлонууга умтулууну каныктыруу, ал эми ата-энелер үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири (акысыз жана акы төлөнүүчү) спектри менен таанышуу жана аны билүү.
Фестивалдын катышуучуларынын курамы ар түрдүү. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасында балдар үчүн ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөр – билим берүүчү маданий жана спорттук мекемелер, соода компаниялары жана дүкөндөрү, балдар клубдары жана өнүктүрүүчү борборлор, китеп басмалары, музейлер, театрлар, тематикалык парктар жана башкалар сунуш кылынган.
Фестивалдын аудиториясы – мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар, жаштар, ата-энелер, ошондой эле педагогдор, психологдор, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары жана билим берүү чөйрөсүнүн башка өкүлдөрү. 



 

 

Анонстор

ЖАҢЫЛЫКТАР

БУЛ КЫЗЫКТУУ

ӨНӨКТӨР

БИЗДИН КЛАССТАР

медиафайлы



FACEBOOK