ЭТО ИНТЕРЕСНО

Калк жашаган аймактарды көрктөндүрүү

Ханнс Зайдель Фондусу 2012-жылы “Кыргыз Республикасында жергиликтүү деңгээлде экологиялык тарбия берүү” темасына арналган атайы программаны жүзөгө ашырууну баштаган. 

Бул китепчеде биз “Жашылдандыруу” темасы боюнча кыскача маалыматтарды даярдап, Сиздердин карооңуздарга сунуштадык. Табигый өскөн жана атайылап отургузулган бак-дарактар адам баласынын, жан-жаныбарлар дүйнөсүнүн күн кечирип, жашоосу үчүн олуттуу мааниге ээ. Ушул түшүнүктүн маани-маңызы көптөгөн адабияттарда, интернет сайттарында чечмеленген болсо да, айланага көрк берип өскөн бак-дарактардын эң эле маанилүү айрымалоочу өзгөчөлүгү – бул, анын бардык тирүү организм үчүн кислородду (абаны) бөлүп чыгаруусу болуп саналат.

Чакан райондордо, калктуу пункттарда жашаган адамдар өздөрү үчүн бак-дарактарды тигип, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө аракеттенип келишет. Анткени, ааламдык көз караштан алганда да, алардын мааниси өтө олуттуу. Мына ошондуктан, өлкөнүн жөнөкөй жаранынан тартып, өкмөткө чейинки деңгээлде жергебиздин эң башкы кенчи - байлыгы болгон жаратылышты коргоп, аны сактап, ага аяр мамиле жасоо менен керемет сулуулукту кийинки муунга калтырууга аракеттенүүгө тийишпиз. Калктуу пункттарды көрктөндүрүп, жашылдандыруу – бул, бир катар иш-чараларды өзүнө камтыган иштер түрмөгү. Калктуу пункттарды жашылдандыруу иши кайра иштетүү, санитардык-экологиялык, чарбалык, архитектура-декоративдик жана эстетикалык максаттарды көздөйт.

Бак-дарактарды отургузууну долбоорлоо учурунда алардын катуу шамалдан, чаң ызгыган, газ тараган жагдайлардан, аба-ырайынын ар кандай шарттарынан жана ызы-чуудан коргоо мүнөздөмөлөрүн да эске алуу зарыл. Мында, анын эстетикалык жана композициялык функцияларына да көңүл буруу талап кылынат.

Чыгыш ойчулдарынын бири белгилегендей эле: Ден соолугуң чың болуп, көпкө жашагың келсе, жашыл кымкап жамынган айлана чөйрөгө көз чаптырып, шар аккан таза сууга кулак төшө...


Cсылка: http://www.hss.de/fileadmin/centralasia/Kirgistan/images/Umwelt/begruenung_kgs_2013.pdf

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!