НОВОСТИ

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабызаттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы кайталангыс сонундар менен тааныша алат. Бул китеп балдардын Кыргызстандагы биомаданий ар түрдүүлүктү таанып билишине жол ачат. Китеп жөнүндө балдар, ата-энелер, китепканачылар, педагогдор жана эксперттер, жалпы эле окурмандар, ошондой эле туристтер жакшы пикир айтышты. 

Мектепке чейинки мекемелер менен иштөөнү улантып, педагогдордун сунушу боюнча жаӊы (2019-2020-чы) окуу жылдын башталышына карата “Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз” аттуу эки тилдеги усулдук колдонмо менен дидактикалык материалдан турган Билим сандыгы (өзүнчө 2 комплект) иштелип чыкты. Анын максаты – балдардын туулган жерин жана жаратылышты жакшы көрүүгө тарбиялоо, курчап турган чөйрөдөгү баардык жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө кызыгуусун ойготуу жана аларды коргоого дилгирлентүү аркылуу экологиялык таалим берүү, ошондой эле кыргыз элинин салттуу билимдери жөнүндө баштапкы билим берүү. Сунушталып жаткан көргөзмөлүү-оюн материал кыргыз элинин каада-салттары, тиричилик маданияты, улуттук таалим-тарбиянын өрнөктөрү менен тааныштырат. 

А3 жана А4 форматында басылып чыккан бул комплектеги көргөзмөлүү-дидактикалык материалдын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар:

- салттуу жана заманбап кийимчен чоӊ ата менен чоӊ эне баштаган кыргыз үй-бүлөсү алгач ирет башкача сүрөттөлдү;

- үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү карточка түрүндө сүрөттөлдү;

- “Жыл мезгилдерин” чагылдырган улуттук кийимчен аял бейнелери иштелип чыкты;

- кыргыз элинин салттары боюнча сюжеттик 5 иллюстрация иштелип чыкты;

- Кыргызстандын жана республиканын 7 облусунун карталары балдардын кабылдоосуна ылайыкталып, сүрөттөр менен коштолуп, эки форматта иштелип чыкты. 

Бул материалдардын баары кыргыздардын эзелки боз үйүндөгү салттуу буюм болгон сандыкка салынды. 

Өнөктөш мамилеге ылайык, “Кыргызстаныбызды

окуп-үйрөнөбүз - билим сандыгынын" 41 комплекти

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына

акысыз өткөрүп берилет.

Мунун ичинен 30 комплект мектепке чейинки

билим берүү уюмдарына,

10у мектептерге жана

1өө Бишкек шаарынын билим берүү

башкармалыгынын ресурстук борборуна берилет.

Бул китеп мектепке чейинки билим берүүнүн усулчуларына жана тарбиячыларына, ошондой эле башталгыч мектептин педагогдоруна кеп өнүктүрүү, айлана чөйрө менен тааныштыруу боюнча каалагандай сабакта/оюнда колдонушу үчүн универсалдуу көмөкчү болот. Балдарга ылайыкталып тартылган Кыргызстандын географиялык картасын камтыган жана анын жети облусу, элибиздин каада-салттары, эӊ жөнөкөй математикалык түшүнүктөрү менен тааныштырып, кыргыз жана орус тилдерин үйрөтүү, көркөм адабият дүйнөсүнө аралаштыруу, чаптама, курак, оймо-чийме өнөрлөрүн үйрөтүү ишинде пайдаланууга болот. 

Усулдук колдонмонун материалдары “Кыргызтелеком” ААК Балдарды тарбиялоо жана өстүрүү борборунда, Бишкек ш. №47 балдарга билим берүү уюмунда сынактан өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикадагы педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана аларды кайра даярдоо институтунун (РПККЧКИ) мектепке чейинки жана башталгыч мектептеги билим берүү кафедрасынын, ошондой эле И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү технологиялары кафедрасынын окутуучуларынын жактыруусуна арзыды.

 

“Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз билим сандыгы" аттуу долбоор “Туруктуу өнүгүүнүн стратегия институту” коомдук фонду жүргүзүп жаткан түндүк жана ички Тянь-Шандагы биомаданий ар түрдүүлүктү илгерилетүү боюнча “Туруктуу келечек үчүн жаштар демилгеси” жергиликтүү демилгелер программасынын алкагында, Кристенсен фондунун (АКШ) колдоосу менен жүзөгө ашырылды.

 

   


Усулдук окуу куралынын материалдары “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан кыргызстандын региондору жөнүндөгү балдардын «Кыргызстаныбызды кыдырабыз» аттуу сүрөттөр менен коштолгон китебинин жана кристенсен фонду колдогон ««Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоору аталыштагы экологиялык долбоордун жыйынтыктарына таянып иштелип чыкты.


"Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз - билим сандыгы"

E-mail: office@roza.kg

конт.тел: 312 660382, 0555 788825



  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!