НОВОСТИ

Санарип мейкиндигиндеги заманбап мугалим

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан Бишкек шаарындагы информатика мугалимдери үчүн «Билим берүүдөгү МКТ: Санарип мейкиндигиндеги заманбап мугалим» аттуу педагогикалык өнөркана болуп өттү.  Педагогикалык чеберчилик окутуу кыргыз жана орус тилиндеги мектептердин 140ка жакын мугалимдерине көрсөтүлдү.



Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин,   “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун,   ЮНЕСКОнун Алматыдагы Кластердик бюросунун өкүлдөрү жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча жооптуу катчысы куттуктоо сөздөрү менен ачышты. Андан кийин И. Арабаев атындагы КМУнун Маалымат технологиялары жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мокешов ЮНЕСКОнун “МТК түзүмү – мугалимдердин компетенттүүлүктөрү. ЮНЕСКОнун нускамалары” жарыясы, мында ЮНЕСКО  БМТИ (Билим берүүдөгү маалымат технологиялар институту) 2011-жылы жарыялаган “Билим берүүдөгү санариптик сабат” аналитикалык жазмасы тууралуу кенен маалымат берип кетти. Андан соң Информатика мугалимдеринин шаардагы усулдук кеӊешинин төрайымы Клепачева Елена “Информатика боюнча календарлык-тематикалык план түзүү методикасы” менен тааныштырды. Ар бир темадан кийин мугалимдер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, жооптор алынды. Тыныгуу учурунда “МКТны билим берүүдө колдонуу боюнча эл аралык тажрыйба” жана БААУга караштуу Инновация колледжи жөнүндө чакан тасма көрсөтүлдү. Ал эми «CodeGeneration» программалоо мектебинин негиздөөчүсү Санжар Маматовдун  “Мектептин баркын IT билим берүү аркылуу көтөрүү жана чыгармачыл программалоо боюнча «Central Asian Programming Olimpiad» алгачкы олимпиадасы” тууралуу берген маалыматы абдан кызыктуу болгонун катышуучулар баса белгилешти.

Кыскасы, бул иш-чарага келген мугалимдер эки топко бөлүнүп, окуу процессиндеги Google кызматтарын пайдалануу боюнча практикалык иштерди аткарышты.

I тайпаны Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) вице-президенти, Кыргыз информатиктер ассоциациясынын төрагасы,  профессор Уланбек Мамбетакунов алып барса,   II тайпа И. Арабаев атындагы КМУнун Маалымат технологиялары жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мокешов менен иштешти. Ошондой эле катышуучулар Google анкеталоо ыкмасы менен таанышып, практикалык иш-аракеттер менен алектеништи. Мындан сырткары иш-чаранын катышуучулары РОД ЭКФ долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулунун  “Санарип 50+” долбоорунун бет ачарына да күбө болушту.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, Кыргыз информатиктер ассоциациясынын төрагасы,  профессор Уланбек Мамбетакуновдун берген маалыматына таянсак,  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылы жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөргөн  VII Билим фестивалынын алкагындагы иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат. Фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 27 миңден ашык адам барган.

  • 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы Кластердик бюросунун колдоосу менен «МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» темасына педагогикалык өнөрканаларды Бишкек шаарынын мектептеринин 140 информатика мугалими үчүн АУЦАнын алдындагы Инновациялык колледжде кыргыз жана орус тилдеринде өткөрдү. Негизги максат – ЮНЕСКОнун «МКТ структурасы – мугалимдердин компетенттүүлүгү. ЮНЕСКОнун сунуштамалары» макаласы жана билим берүү процессин уюштуруу үчүн GOOGLE сервистерин колдонуу боюнча практикалык бөлүк менен тааныштырууга басым жасалды, – дейт У.Мамбетакунов.

Бул иш “Туруктуу өнүктүрүү жагынан максаттарга жетишүүнүн” жана «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» КР Президентинин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында билим берүү мекемелеринин ишинде МКТны андан ары даңазалоо жана аларды окуу процессинде педагогдор практикалык колдонушунун максатында жүргүзүлдү.

  • Педагогикалык чеберчиликтин учурунда ЮНЕСКО тарабынан даярдалган «Мугалимдердин МКТ-компетенттүүлүгүнүн түзүлүшү. ЮНЕСКОнун сунуштамаларынын” мазмуну менен мугалимдер кеңири тааныштырылды.

Документте белгиленгендей: «2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибинде маалыматтык-коммуникативдик технологияларды кеңири жайылтуу прогрессти ылдамдатууга, «санариптик аралыкты» жеңип өтүүгө жана адам укуктарына негизделген инклюзивдүү билим коомдорун калыптандыруу, ошондой эле гендердик теңдикти жана укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат».

Ошондуктан, ар бир окуучу сапаттуу билим алуу жана коомдун турмушуна толук кандуу катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү ачкан шарттарды камсыз кылуу зарыл. Ошондон тышкары,  Googleдун окутуу процессиндеги мүмкүнчүлүктөрү мугалимдер үчүн практика түрүндө көрсөтүлдү, – дейт профессор.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга педагогикалык өнөрканада пайдаланылган бардык маалыматтар жана практикалык материалдар орус жана кыргыз тилдеринде флешкага, дискке жаздырылып, ар бир катышуучуга фонддун атынан тапшырылды.

Гүлнара Алыбаева “Кут Билим”


 

 

 

 

 


Cсылка: http://kutbilim.kg/kg/2019/11/14/sanarip-mejkindigindegi-zamanbap-mugalim/

  • Поделиться ...


медиафайлы





Видеогалерея

Педагогические мастерские «ИКТ в образовании: Современный учитель в цифровом пространстве»


Башкалаада VII Билим Фестивалынын экинчи күнү болуп өттү


Бишкекте VII Билим Фестивалы өтөт


VII Фестиваль образования ждет тебя!